ААЛЫ ТОКОМБАЕВ

ТОКОМБАЕВ Аалы (Балка; 1904, Кемин району  1988, Бишкек) – жазуучу, кыргыз адабиятын негиздөөчү-лөрдүн бири, коомдук ишмер. Кыргыз Республикасынын эл акыны (1945). КРУИАнын академиги (1954), Социалисттик  Эмгектин Баатыры (1974).

Орто Азия коммунисттик ун-тин бүткөн. 1927–29-ж. чыгармачылыгы 1922-жылдан башталган. Туңгуч ыры  –  «Октябрдын келген кези». Алгачкы ыр жыйнагы «Ленин тууралуу» деген ат менен 1927-ж. жарык көргөн. Токомбаевдиндин алгачкы чыгармаларына, бир жагынан, фольклорду чыгармачылык менен  өздөштүрүү, экинчи жагынан, жазма адабияттын реалисттик методун үйрөнүү мүнөздүү. 30-жылдардын биринчи жарымында «Эмгек гүлү» (1931), «Атака» (1932), «Абалкы ырлар» (1934), «Иргелген ырлар, (1935), «Туткун Марат» поэмасы (1930)  өзгөргөн эл, жер, тап күрөшү, соц. коомдун артыкчылыгы, аял азаттыгы д. у. с. учурдун актуалдуу маселелерин камтыйт. 30-жылдардын аягы  –  40-жылдардын башында Токомбаевдин лирика-романтикалык прозанын чебери катары көрүнгөн: «Днестр терең  деңизге куят» (1939), «Жараланган жүрөк» (1940) повесттерин, «Күүнүн сыры» (1940), «Даат», «Акылмандын жообу» ж. б. аңгемелерин жараткан. Токомбаевдин Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги чыгармалары ар кыл жанрда жазылган («Түбөлүк жыргал үчүн» (1941), «Алкоо» (1944), «Жүрөк күүсү» (1944) ыр жыйнактары, «Ант» (1943), «Намыс» пьесалары ж. б.). «Мезгил учат» (1947) – Токомбаевдин прозада замандаштарынын мүнөздөрүн, мамилелерин сүрөттөөдө реалисттик чеберчилиги өскөнүнө далил болчу повесть. 50-жылдары «Оз көзүм менен » (1955), «Майлыбай» (1953), «Менин метиркам» (1955) аттуу поэмаларды жараткан. Токомбаевдин согуштан кийинки поэзиясында тынчтык, турмуш, Ата журт, эл достугу темалары башкы орунда болгон («Тынчтык ыры», «Биздин туу»,  «Аялга», «Биздин жер» ж. б.). 50-жылдардын аягы  –  60-жылдардын башында Токомбаевдин поэтикалык  үнүнүн бийиктигин, тематикалык, идеялык көркөмдүк горизонтторунун жаңы чектерин ырастаган «Турмуш» (1955), «Лирика» (1958), «Комуз күүсү». 60-жылдары «Солдат элек» (1965), «Таң алдында” (1962), «Тергөө жүрүп жатат» (1962), «Өлбөстүн  үрөөнү» (1963), «Күндүн чыгышы», «Тандалган чыгармалар» (3 том, 1972), «Ашырбай» (1974), «Республикам» (1979), «Өмүр элестери» (1980) ж. б. чыгармалары жарык көргөн. Токомбаев көркөм адабияттын дээрлик бардык жанрында үзүрлүү эмгектенип, терең идеялуу, жогорку көркөмдүктөгү, философиялык ойго бай чыгармаларды жараткан. Кыргыз совет адабиятында соц. реализмдин  өнүгүшүнө  зор салым кошкон. Анын чыгармалары  дүйнө элдеринин тилдерине которулган. А. С. Пушкин», М. Ю. Лермонтов, Ф. Шиллер, Абай, Жамбыл ж. б. чыгармаларын кыргызчага которгон. Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1962; «Таң  алдында» романы үчүн). Эки Ленин, үч Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана  медалдар менен сыйланган.

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ