АБДРАХМАНОВ Жусуп

АБДРАХМАНОВ Жусуп (Юсуп) (1901, Күнгөй-Аксуу болушу, Чиркей кыштоосу, азыркы Ысыккөл р-ну,
Жаркымбаев айылы –1938, Бишкек, сөөгү 1991-ж. Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлган) – саясий ж-а мамл. ишмер;
эл тарыхын объективдүү изилдөөчү. 1911–16-ж. Сазанов (азыркы Ананьев) айылындагы үч жылдык орусжергиликтүү мектебинде, Каракол ш-ндагы жогорку башталгыч окуу жайында окуган. 1916-жылкы үр-күндө
эл м-н кошо Кытайга качып, 1917-ж. кайтып келген. 1918-ж. кызыл гвардиячылардын катарына кирген ж-а
Жетисуу-да Совет бийлигин чыңдоого катышкан. 1919-ж. Верный (Алматы) ш-нда командирлик курста
окуган. 1919-ж. РКСМ Түркстан бюросунун президиумунун ж-а РКСМдин Жетисуу облустук Уюштуруу
бюросунун мүчөлүгүнө шайланган. 1920-ж. Москвада өткөн РКСМдин 3-сьездинин делегаты болуп, анда В. И.
Ленин м-н сүйлөшүп, пикир алышкан. 1920–24-ж. партиялык жооптуу кызматтарда, 1924-ж. мартта Түркстан
АССРинин Борб. аткомунун президиумунун мүчөсү ж-а жооптуу катчысы болуп шайланган. 1924-ж. Кара
Кыргыз автономиялуу облусунун облустук партбюросунун жооптуу катчысы болуп бекитилген. 1925-ж.
майдан РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, августтан
Москвада РКП(б) БКнын аппаратында инструктор. 1926-ж. октябрда Кыргызстанга келип, облустук аткомдун
төрагасынын 1-орун басары, 1927-ж. марттан РСФСР БАКтын мүчөсүнүн, андан кийин Бүткүл союздук
БАКтын ж-а РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат, 1933-ж. сентябрда компартияга
каршы аракеттенген деген жалаа м-н ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган. Андан кийин
Ортоңку Волга крайынын мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1935-жылдан Оренбург
облустук аткомунун жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарбачылык б-ча орун басары болуп иштеген. 1937-ж. 10-июнда А. контрреволюциячыл Алашордо уюмунун катышуучусу деген жалаа м-н камакка алынган. 1938-ж.
5-ноябрда атылган. 1958-ж. акталган. А. өз элинин тарыхын изилдөөчү катары респ-нын тарых илиминин
өнүгүшүнүн башатында турат. Анын респ-нын тарыхы б-ча алгачкы эмгеги 1928-ж. «Кыргызстан» деген ат м-н
жарык көргөн. 1916-жылкы көтөрүлүш ж-дө чындык ж-а акыйкат өңүтүнөн жазылган «Күндөлүгү» ж. б.
китептери белгилүү. А-дун ысымы м-н Ысыккөл р-нундагы айыл кеңеши (мурдагы Таштак айыл кеңеши),
Бишкек ш-нын бир көчөсү аталган. Туулган айылына ж-а Каракол ш-нда эстелик тургузулган.