АБДЫКЕРИМ БЕКИ УУЛУ

АБДЫКЕРИМ Беки уулу (1880, Базар-Коргон району, Сейдикум айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы. Мундуздун аркалык уруусунан. «Манас» эпосун атасынан үйрөнгөн. Жаш кезинде аш-тойлордо, кыз оюндарында жамактатып ыр чыгарып айта коюп жүргөн. Элдик жөө жомокторду да билген. А-дин айтуусунда «Манастын кыз Сайкалды алышы» эпизоду жазып алынган. Окуяда Манас кырк чоросу менен аттанып, кыз Сайкалды алууга жөнөйт. Манастын келгенин сыйкырында билген Сайкал жөн коёт да, кези келсе кырк чоросунан ажыратып өзүн экинчи бастырып келгис кыламын деп камынып калат. Манасчынын айтуусунда кыз Сайкал кайыптан жаралган деп эскерилет. Ал Манастын айтканына көнбөйт жана жеңилбейт. Манас кайрылып элине кетет. Экинчи жолу барганда кыз Сайкал сайышка чыкпастан Манастын алдына Тайбуурул тулпарын тартуулап, өзүн бир түнөтөт да тиги дүйнөлүк жарың болом, бул дүйнөлүк жарың Каныкей деп узатат. Манас элине келип Каныкейге кайра жаңыдан нике кыйдырат. А-ден жазып алынган бул эпизод Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Кол жазмалар бөлүмүндө сакталып турат.