АБДЫРАХМАНОВ Ыбырайым

АБДЫРАХМАНОВ Ыбырайым, ылакап аты Ак Молдо (1888, Ысыккөл облусу, Жетиөгүз р-ну, Чырак айылы
– 1967, Атбашы р-ну, Казыбек айылы) – манасчы, этнограф, педагог; кыргыз фольклорун жыйноочу ж-а
изилдөөчү. 1905-ж. Караколдо татар мектебин бүтүрүп, мугалим болуп иштеген. 1916-ж. Атбашыга келип
мугалимчиликти уланткан. 1939-ж. Бишкектеги пед. ин-тун 2 жылдык мугалимдер курсунун кыргыз тили ж-а
адабияты факультетин бүткөн. 1922–26-ж. Сагымбайдын «Манасын» кагаз бетине тү-шүргөн. А. 1926–35-ж.
Нарын облусунда билим берүү тармагында мугалим, 1935–60-ж. Кыргызстан ИАнын Тил ж-а адабият ин-тунун
ил. кызматкери болуп иштеген. Ал 1930–44-ж. Саякбай, Шапак Рысмендеев, Жаныбай Кожек уулу, Багыш
Сазанов, Акмат Рысмендеев, Молдобасан Мусулманкуловдордон да «Манасты» жазып алган. Келдибек,
Балык, Акылбек, Тыныбек, Чоюке, Сагымбай, Саякбай ж. б. манасчылардын өмүр баяндарын жыйнап,
тартипке келтирген. Элдик оозеки чыгармаларды, акындар поэзиясы б-ча көптөгөн материалдарды жыйнаган.
Тоголок Молдонун өз оозунан көптөгөн фольклордук чыгармаларды, «Манасты» жазып алган. 1962-ж. кыргыз
макал-лакаптарын топтогон жыйнак түзгөн. А-дун ар кандай жанрдагы фольклордук чыгармалар м-н тарыхыйэтногр. макалалары 100 басма табакты түзөт. «Манас» эпосунун варианттары б-ча кара сөз түрүндөгү сюжетин жазган. Медалдар м-н сыйланган.