АВТОНОМИЯ

АВТОНОМИЯ (гр. аvtonomia – көз каранды эместик) – Конституцияда бекитилген мамлекеттин кайсы бир бөлүгүнүн өз алдынча башкаруу боюнча укугу. Иш жүзүндө А. тили, үрп-адаты жана экономикалык турмушунун өзгөчөлүктөрү менен айырмаланган элдердин топтолушуп жашаган аймактарында түзүлөт. А. дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар. Алсак: Россия Федерациясынын субъектилери: Калмык Республикасы ж. б.; АКШдагы штаттар; Германиядагы Баварияга окшогон жерлер ж. б. А-нын эки формасы белгилүү – саясий жана административдик. Саясий А. – укугунун көптүгү, өзгөчө Конституциясынын, мамлекеттик бийликтин жогорку уюмдарынын болушу менен мүнөздөлөт. Административдик А. – башкаруу сферасын гана камтыйт, анын укуктарын мамлекеттин борбордук уюмдары аныктайт.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети