АВТОРИТЕТ

АВТОРИТЕТ (нем. autoritat, лат. auсtoritas – бийлик, таасир) – 1) коомдук турмуштун ар-түрдүү тармагындагы кандайдыр бир адамдын же уюмдардын жумуруят кабыл алган формалдуу эмес таасири (мис., тарбиялоодо, илимде ж-а билимде, нравалык баркына, тажрыйбасына негизделген (ата-эненин, дарыгердин ж. б.); 2) саясий бийликке карата адамдын же уюмдун коомчулук тарабынан таанылган таасири. А. лидерлик кылуунун милдеттүү шарты. А. бардык адам коомдорунда болот. Анын зарылдыгын анархисттерден башка бардык саясий агымдар таанышат. А-ке ээ болгон официалдуу лидерлердин партиянын жетекчилигине келиши, премьер-министр, президент, спикер болуп шайланышы демократтык системаларга мүнөздүү көрүнүш. Демократтык саясий системаларда А-тин көптөгөн түрлөрү болот. А-тин эң маанилүү түрлөрү: адатка баш ийүү Өнөкөтүнө, белгилүү бир адамды сыйлоого негизделген эркин сыйлоодон улам пайда болгон – мыйзамдык же конституциялык; лидерге жекече жакындыгы бар, анын өзгөчө сапаттарына байланышкан – харизматикалык ж. б. А-тин демократтык тиби – лидерге карата ишенимди, жетекчилик жалпысынан ийгиликтүү болсо, анда лидердин кээ бир мүчөлүштүктөрүн кечирүү, оппозиция тарабынан сын мамиленин болушу талапка ылайык
деп билет. Саясий лидерге авторитардык тип мүнөздүү болсо, анда мамлекеттик бийлик бир адамдын колуна топтолушу мүмкүн. Анын адресине өтө терең сын айтылбайт. Коомчулуктун ою боюнча авторитардык лидердин өзгөчө сапаттары болот; өтө акылдуу, ишке жөндөмдүү, талбай натыйжалуу иштейт, окуяны алдын ала билип турат, ага каршы чыгып, капалантууга болбойт ж. б. А-тин мындай тибин харизма дейт.