АДАБИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО (1964-1990-жж.)

Республиканын адабият жана искусство тармагында эмгектенген интеллигенциясы Кыргызстандын руханий денгээлин көтөрүү багытында эмгектенген. 60-жж. ортосунда Кыргызстан Жазуучуларынын союзуна З0дан ашык көркөм сөз чеберлери мүчө болушкан. Алардын ичинен акындар Ибраевдин, М. Абылкасымованын, М. Буларкиеванын, Ө. Даникеевдин, Т. Кожомбердиевдин, Б. Сарногоевдин ж. б. эмгектери эл ичинде жогору баалана баштаган.

1965-ж. Т. Сатылгановдун 100 жылдык юбилейине карата Кыргызстандын Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгы белгиленген. Бул сыйлык алгачкы жолу «Таң алдында» романы үчүн А. Токомбаевге жана «Абийир кечирбейт», «Сүйүү жана үмүт» деген пъесалары үчүн Т. Абдумомуновго ыйгарылган.

1968-ж. Кыргыз ССРинин «Эл жазуучусу», «Эл акыны» деген наамдар белгиленген. Бул наамдарга биринчи болуп Ч. Айтматов, К. Баялинов, К. Жантөшев, Т. Сыдыкбеков, Т. Үмөталиев татыктуу болушкан. 1971-1975-жж. А. Токомбаевдин, К. Баялиновдун, Т. Сыдыкбековдун, Т. Үмөталиевдин, К. Маликовдун, Э. Ибраевдин чыгармаларынын жыйнактары жарыкка чыгарылган. Кыргыз адабиятынын баштоочуларынын бири А. Токомбаевге Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы берилген. Т. Касымбековдун «Сынган кылыч» аттуу тарыхый романы окурмандардын купулуна толгон.

Ч.   Айтматовдун чыгармачылыгы өзүнүн апогейине ушул мезгилде көтөрүлгөн. Анын китептери 8 млн нуска менен дүйнө элдеринин 50дөн ашык тилдерине которулган. Ал эки жолу: 1968-ж. «Жаныбарым Гүлсары», 1983-ж. «Кылым карыткан бир күн» аттуу чыгармалары үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. 1978-ж. ага Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы ыйгарылган.

1987-ж. Кыргызстандын жазуучуларынын ичинде Социалисттик Эмгектин 2 Баатыры, Лениндик сыйлыктын 1 лауреаты, 4 СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээлери, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын 10 лауреаты, 10 Кыргыз Эл жазуучулары жана акындары, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын 6 анык жана корреспондент мүчөсү, СССР Жазуучулар союзунун 21 мүчөсү болгон. Бул кыргыз адабияты үчүн чоң жетишкендик эле.

60-80-жж. искусство жанрында эмгектенген кызматкерлер да активдүүлүктү көрсөтүшкөн. 1966-ж. Кыргыз драматургдарынын пьесалары СССРдин 50дөн ашык театрларында коюлган.

50-жж. ортосунда эле өзүнүн чыгармачыл жолун баштаган кыргыз кино искусствосу 60-80-жж. дүйнө элдерине таанымал «Эрте жаздагы турналар», «Аптап», «Караш ашуусунда атылган ок», «Мен Тянь-Шань», «Биздин балалыктынасманы», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Көк-Серек», «Кызыл алма», «Ак кеме», «Улан», «Карышкыр үнкүрү» ж. б. көркөм тасмаларды жараткан. Аталган фильмдердин көпчүлүгү СССРде жана чет мамлекеттерде өткөрүлгөн абройлуу кинофестивалдарда жогору бааланган.

Кыргыз кино искусствосун өнүктүрүүдө таланттуу режнссерлор Т. Океев, Б. Шамшиев, Г. Базаров, Д. Садырбаев, атактуу артисттер С. Чокморов, М. Рыскулов, С. Жумадылов, Б. Кыдыкеева, Д. Күйүкова, Т. Турсунбаева, Б. Бейшеналиев, С. Күмүшалиева ж. б. өздөрүнүн зор салымдарын кошушкан.

80-жж. Кыргызстанда 8 адистештирилген театр, анын ичинен бир опера жана балет театры, 6 драмалык жана музыкалык театрлар, республикалык куурчак театры иштеген.

70-80-жж. эле Кыргыз драматургиясынын пьесалары СССРдин 100гө жакын театрларынын сахналарында коюлган. 1960-ж. негизделген Кыргызстан театр ишмерлеринин коомунун 1983-ж. 600дөн ашык мүчөсү болгон. Профессионалдык театрлардан тышкары республикада 21 элдик театр, 5 миңден ашуун өздук көркөм чыгармачылыктын жамааттары калктын руханий таланттарын канаттандырууда чоң эмгек жасашкан.

70-80-жж. Кыргызстандын композиторлору ар түрдүү жанрдагы чыгармаларды жаратышкан. К. Молдобасанов, Н. Давлесов, М. Абдраев, А. Жаныбеков, К. Артыков, А. Аманбаев, А. Тулеев, Т. Эрматов, Ж.Каниметов тарабынан операларга, балеттерге, театрларда коюлган спектаклдерге, кннофильмдерге музыкаларды жазышкан.

Таланттуу артистер Б. Миңжылкыев, К. Сартбаева, X. Мухтаров, Т. Сейталиев, М. Темирбеков, Э. Касымов, А. Токомбаева, Р. Чокоева, У. Сарбагышев, Ч. Базарбаев, Э. Мойдунов, А. Исраилов, А. Баетова, Б. Арунов ж. б. кыргыз театрынын ашарын ачышкан. Булардын ичинен кыргыздын атактуу ырчысы Болот Миңжылкыев Ташкен консерваториясын бүтүргөн, кийин Италиянын Милан театры Ла Скалада үч жыл стажировкадан өткөн. Ал дүйнөнүн опера жылдыздарынын денгээлине чейин көтөрүлүп, көптөгөн мамлекеттердин театрларында эң мыкты бас ырчы катары кеңири таанылган. Кыргызстандын музыкасынын өнүгүшүнө оркестрдин атактуу дирижерлору, А. Жумакматовдун, Н. Давлесовдун, К. Молдобасановдун, Э. Жумабаевдин, С. Жумалиевдин ж. б. эмгектери баа жеткис.

Элдик музыкабыздагы төкмөчүлүк өнөрдү өрчүдө СССРдин эл артисти Э. Турсуналиев, Т. Тыныбеков, Т. Турдалиев баштаган Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисттери А. Айталиев, Т. Абдиев, 3. Үсөнбаев ж. б. өзгөчө эмгек сиңиришти.

Бул мезгилде кыргыз совет ырларынын өнүгүшүнө обончулар Ж. Шералиев, Р. Абдыкадыров, К. Тагаев, М. Рыскулбеков, А. Атабаев, Ү. Сыдыков, Ж. Кайыпов, Т. Казаков, С. Жумалиев, А. Керимбаев, К. Эралиева белгилүү салым кошушкан. Булардын мекен, эмгек, махабат, тынчтык жөнүндөгү ырлары аткаруучулардын репертуарларын байытып, угуучуларды кубанткан.

80-жж. Кыргызстандын кино искусствосу өзүнүн мурдагы жылдарда жетишкен ийгиликтерин бекемдөөгө аракеттенген. 1986-ж. Т. Океевдин «Ак илбирстин тукуму», А. Сүйүндүковдун «Жолдор кесилишкенде», 1987-ж. Г. Базаровдун «Бойго жеткендер үчүн баш пааналама» аттуу фильмдери көрүүчүлөргө тартууланган. Кинематографисттер союзунун катары 1990-ж. 100 адамга жеткен.

60—80-жж. республикада көркөм-сүрөт өнөрү өскөн. 1966-ж. Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзу уюшулуп, ага 51 сүрөтчү мүчө болгон. 1981-ж. алардын саны 100гө жеткен. Алардын башында турган атактуу сүрөтчүлөр С. Чуйковдун «Түбөлүктүүлүккө жанашуу», Г. Айтиевдин «Талаадагы тандыр», «Эски кыштак», «Кызыл булуттар» аттуу чыгармалары кыргыз искусствосунун классикасы болуп калган. Республикада сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө бул мезгилде А. Игнатьева, Л. Ильина, А. Асранкулов, А. Бейшенова, К. Артыкбаев, С. Чокморов ж. б. салым кошушкан.

Кыргызстанда скульптура өнөрүнүн өнүгүшүнө Лениндик сыйлыктын лауреаты, Социалисттик Эмгектин Баатыры Т. Садыков көрүнүктүү салым кошкон. 1978-ж. анын «Революциянын каармандарына» аттуу монументи ачылган. Бул эмгеги үчүн ага 1980-ж. СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

1985-ж. Фрунзеде скульптура боюнча Эл аралык симпозиум өткөрүлгөн. Бул иштер республикада искусствонун бул түрүнүн өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Ушул жылы Улуу Ата Мекендик согуштун 40 жылдыгына карата «Жеңиштин эстелиги» скульптуралык-архитектуралык комплекси ачылган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор