АДАМ УКУГУ ЖАНА ЭРКИНДИГИ

АДАМ УКУГУ ЖАНА ЭРКИНДИГИ – 1) адамга табият берген жана мамлекет тарабынан корголуп жана гарантияланып турган укуктар. Бул укуктар ар бир адамга төрүлгөндөн эле таандык болуп, мыйзамдык чектөөлөрдөн жана мамлекеттик чек аралардан көз карандысыз аракет кылат. Буларга – жашоо жана дененин кол тийбестиги укугу, кишинин кадырын сыйлоо, мыйзамсыз камоо жана кармоодон эркин болуу, ишеним жана абийир эркиндиги ж. б. кирет.
2) Инсандын укугу жана эркиндигинин өтө кеңири комплексин, алардын ар кандай түрлөрүн өзүнө камтыйт: граждандык, саясий, экономикалык, социалдык, маданий укуктар. Индивиддик жана коллективдүү укуктардын булардан башка да түрлөрү бар. Эң жогорку коллективдүү укук – бул көз каранды эмес мамлекетти түзүү укугу. Эгер бул укукту ишке ашыруу мүмкүн болбосо, анда мектептерде эне тилинде окутуу же белгилүү бир райондордо өз тилин официалдуу тил катары мыйзамды бекитүү үчүн күрөшүү ж. б. Коллективдүү укук көп улуттук мамлекеттердеги этностук азчылыктардын аракеттерине мүнөздү. А. у. ж. э. «тепселген» өлкөлөрдө коллективдүү укук курч мүнөздө болуп, ички карама-каршылыктарга алып келет.