АДАТ УКУГУ

АДАТ УКУГУ – салт түрүндө колдонуп келген адат нормаларынын жана жүрүм-турум эрежелеринин жыйындысы. А. у. алгачкы жамаат коому бузулуп, жеке менчик келип чыккан мезгилде пайда болгон. А. у. эл урууларга бөлүнүп жашаган коомго мүнөздүү. А. у-нун нормалары коомдун шарттарына жараша өзгөрүп ыңгайлашып турат. ХIХ к-дын орто ченине чейин кыргыздарда А. у. колдонулган, кийинчерээк Россия империясынын мыйзамдары менен катар шарияттын эрежелери да укуктук негизде болуп келген (айып, кун, барымта, калың, көп аял алуучулук ж. б.). Кыргыздарда А. у-нун булактары болуп: адат, салт, бийлердин бүтүмү, бийлер тобунун жоболору эсептелген. Октябрь революциясынан кийин А. у. нормалары зыяндуу феодалдык калдык деп эсептелип, мыйзам жүзүндө жокко чыгарылган. А. у-н колдонгондорго
кылмыш жоопкерчилиги белгиленген. Кыргыз журтчулугу А. у-нун жакшы жактарын сактап калышкан. Калк башына күн түшүп, оор саясий-экономикалык кыйынчылыктар мезгилинде оор абалдан чыгып кетишине ыңгайланыштырылган А. у-тары (уруунун ичиндеги ынтымак, бирине-бири жөлөк болуу, каны бир туугандардын биригиши, аксакалдардын соту ж. б.) бар.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети