АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК

АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК мамлекеттик башкаруу органдарын уюштурууда жана алардын аткаруу иш аракетинин процессинде келип чыгуучу коомдук мамилелерди жөнгө салат. А. у-нун негизги булактарына Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары, Жогорку Кеңештин Указдары, өкмөттүн токтомдору, кодекстер, инструкциялар ж. б. кирет. А. у. нормалары аткаруу тескөө иш аракетин жүргүзүүчү мамлекеттик органдарды уюштуруу
эрежелерин; ушул органдардын жана аларда иштегендердин, ошондой эле граждандардын, мамлекеттик уюмдарда жана мекемелерде иштегендердин мамлекеттик башкаруу жаатындагы укуктарын жана милдеттерин аныктайт. Бул нормаларда көрсөтүлгөн эрежелер милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш жана мамлекет тарабынан тарбия, уюштуруу, мажбурлоо чаралары аркылуу камсыз кылынат. А. у. мамилелерин пайда кылуучу укуктук фактылар: мыйзамдын же башка нормативдик актынын чыгышы, адамдардын аракеттери, табигый кырсык. А. у. объектиси болуп көбүнчө адамдардын иш-аракети, алардын жүрүм-туруму саналат.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети