АЖЫРАШ АЯК

АЖЫРАШ АЯК — көптөн бери жашаган жеринен башка жакка кетер алдында туугандарын, коңшуларын, жолдош-жоролорун чакырып, меймандап коштошуу салты. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас баштаган кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчөрдө А. а. берилгендиги айтылат:

Сойдурган экен шол күнү

Сегиз жүз кой, сексен бээ,

Жай олтуруп тамак жеп…

Ажыраш аяк деген сөз

Атпай журттун мойнуна

Куржун сындуу илинди (Сагымбай Орозбаков).

Ошондой эле Байжигит Алтайга кайра көчөм деп элден уруксат сурап, А. а. бергендиги айтылат.