АЙКЫНДУУЛУК

АЙКЫНДУУЛУК советтик саясий илимде иштелип чыккан сөз эркиндиги түшүнүгү. Россиялык А-тун тамыры Н. Карамзиндин «Россия мамлекетинин тарыхы» эмгегинде айтылат. Ал «самодержавиенин өнүгүүсү дворянинден тартып мещанинге, жөнөкөй элге чейин укуксуз болгон багытта жүрдү» деген, кийин 1859-ж. Министрлер Совети «басма сөздүгү айрым окуялар жөнүндө чуулгандуу маалыматтар мамлекет үчүн кошумча маалымат алууга мүмкүн болсо гана
жарыялансын» деп чыккан. Ошол мезгилде гана А. азыркы маанисин ала баштаган. 1905-ж. Мамлекеттик Думанын 1-сессиясына 44 делегат «Басма сөз, сөз эркиндиги жөнүндө мыйзам» проектисин сунуш кылышат, бирок ал өтпөй калган. Революциядан кийин В. И. Ленин тарабынан атайын декрет, сөз, укук, шайлоо ж. б. эркиндиктер мыйзамдашырылган.
Митинг, чогулуштарда, басмада мамлекеттин иштери жөнүндө ачык талкуулоо мүмкүнчүлүгү А-тун демократиялык өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк берген. Бирок, көп өтпөй, административдик система А-тун элементтерин жок кыла баштаган. А. жөнүндө мыйзамдын проектиси 1987-ж. даярдалып, Президиумда кабыл алынган эмес. А-тун негизги таянычы – сөз, басма сөз эркиндиги, демек – граждандардын өз оюн билдирүү, каалаган маалыматын таратуу, ал үчүн маалымат булактарынан колдонуу мүмкүнчүлүгү. Гражданиндин ички, жеке турмушуна, абийирине кийлигишүүгө болбойт. Гражданиндин суроолорго (журналист берген) жооп бербей коюуга да акысы бар. Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган (1948-ж.) Адам укугунун жалпы декларациясы ар бир адамдын укугун, эркиндигин (сөз, басма сөз, көз
караш) бекемдейт. Граждандык укуктарды коргоо Кыргыз Республикасынын Конституциясында атайын бөлүм менен белгиленет.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети