АЙЫЛ ӨКМӨТҮ

АЙЫЛ ӨКМӨТҮ – өз полномочиесинин чегинде жергиликтүү коомчулуктун ишмердүүлүгүн жана жашоо-тиричиликти камсыз кылууну башкарууну ишке ашыруучу айылдык, поселкалык кеңештердин ичиндеги аткаруучу-тескөөчү орган. Айылдык кеңештердин депутаттарынын полномочиелеринин аткарылышына жана алардын шайлоочуларына бере турган отчетторду даярдоодо жардам көрсөтөт. Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча айылдык же поселкалык кеңешке, ал эми жөнөтүлгөн мамлекеттик полномочиелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына жоопкерчиликтүү. Айыл өкмөтүнүн башчысы ошол аймактагы эл тарабынан төрт жылга шайланат. Айыл өкмөтү жергиликтүү жамааттын өкүлү, анын юридикалык жагы. Бирок ал мамлекеттин атынан жана анын жалпы пайдасы үчүн иш жүргүзөт. Айыл өкмөтү укук абалы жагынан мамлекеттик башкарууга тийиштүү, бирок мамлекеттик башкаруу чөйрөсүнөн тышкары функцияларды да аткарат.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети