АКБАЛТА

АКБАЛТА — каарман, кыргыздын нойгут уруусунун каны (уруу башчысы), Чубактын атасы. Кытайлар кыргызды чаап, туш-тушка таратканда Жакып менен кошо айдалып Алтайга барган. Ошондой кыйын күндө элге туура акыл айтып, кайрат берген акылман карыя. Эпосто акылга дыйкан А. деп айтылышы А-нын ким экендигин кабарлап турат. Манастын элдик баатыр болуп өсүшүнө көп күч- кубатын, акылын сарптайт. Манас да анын адамгерчилигин, эмгегин баалай жүрөт. Мисалы, ал ушул А-нын, нойгут элинин намысы үчүн Шоорук кан менен урушуп жеңип чыгат (Сагымбай Орозбаков, 2. 206 — 215). Саякбай Каралаевдин вариантында А-нын образы бир кыйла терең иштелген. Айрыкча эпостун башталыш эпизоддорунда, кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчүп келгенге чейинки окуяларга активдүү катышат. Нойгутту Алооке, Молто чаап алганда Каракандын Жакып, Улаккан баш болгон балдарына качып келип, алар менен бирдикте баскынчыларга каршы күрөшүүгө аракеттенет. Кытайдын токсон балбанын жолдон тосуп, элден тартып алып токсон беш төөгө жүктөп Бээжинге алып бараткан баалуу буюмдарды, алтын, күмүштү ажыратып алышат да, элге таратып беришет. Ушундан кийин кытайлар аларды туш-тушка айдап жиберет. Жакып А. баш болгон кырк үйлүү кыргыз Алтайга сүрүлүп барат, мал-мүлкүн кытайга тарттырып, оокатсыз калган эл А-нын акылы менен дыйканчылык кылып жан багышат, акырындап мал-мүлк күтө башташат. Баарынан Жакып артыкча байыйт. Манастын төрөлүшүнөн аян берген Жакыптын түшүн жоруп, элди жакшылыкка үмүттөндүргөн да А. болот:

Кырк үйлүү кыргыз жакыр журт,

Сары адырмак шыбыргак

Белди табат экенбиз.

О, кудай киндик кесип, кир жууган

Жерди табат экенбиз!

Паана берип жараткан

Элди табат экенбиз (Саякбай Каралаев, 1. 45).

Манас туулганда Жакыпка уулдуу болгонун А. сүйүнчүлөп барат. Кытайлар кыргыздан Манас аттуу баатыр чыгарын сыйкырдуу китеби-даңзасынан билип, аны таап, эр жеткирбей жок кылуу үчүн издөө салат. Манасты өз атынан чакыртпай жашырып, ал он эки жашка келип баатырдык күч-кайратка киргиче амал менен атын «Чоң жинди» дедиртип аман алып калган да А. болот. А. көптү көргөн көсөм карыя гана эмес, эр жүрөк, кайраттуу адам. Манас Кошойго жолукканы кетип, Эсенкан Манасты кармап келүүгө жиберген көп кол каптап келгенде элди көчүрүп жиберип, карыса да А. Кутубий экөө душмандын жолун тосуп чыгат (Саякбай Каралаев, 1. 126, 127 — 136). Кыргылчалдын ушагына ишенген Манаска тарынып, Чубак Таластан Алайга качып барганда А. баласына акылын айтып, аны оң жолго салат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 179). Кытайлык манасчы Жусуп Мамайда А. Чыйырдыны олжолоп алып келип, Жакыпка берет. Чыйырды А-ны агам деп, Манас тагам деп эсептейт. Манастын туулуп-өсүшүнө, баатыр болушуна эпостун бул вариантында да А-нын эмгеги зор. А-нын образы малга кароо, бакыл, суу жүрөк Жакыпка карама-каршы коюлат да, Бакай, Кошой сыяктуу эле эпикалык чыгармалардагы жаш баатырды элдик идеалга тарбиялаган жана ар кандай иштерде анын кеңешчиси болгон акылман карыялардын салттык образы. Жоо төбөдөн басып, үстөмдүк кылып турганда да элдин кул болуп багынып бербестен баатыр уулдарын белге таңуу кылып, акылга дыйкан карыяларын туу тутуп, эркиндигин сактап калуу үчүн тынымсыз күрөшү эпосто А-нын иш-аракеттери аркылуу берилген.

Р. Сарыпбеков