АКИМ

АКИМ – (араб. хаким – ойчул, философ, кийинки маанисинде, – дин кызматкерлеринин жана ак сөөктөрдүн иштерин башкаруучу) – бийлөөчү; атайын дайындалган же шайланган башкаруучу. Кыргыздар Кокон хандыгына баш ийип турган мезгилде акимдик аймактардын башында турган адам А. аталып, кушбек, бек, датка сыяктуу титулдарга ээ болгон. Кийинчерээк А. деп тек гана бийликтин кайсы бир баскычын ээлеген мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү аталып калган.
Учурда Кыргыз Республикасында А. административдик – аймактык бирдиктин (райондун) аткаруу бийлигинин жогорку кызмат адамы. Областтык, райондук жана шаардык акимчилик башкаруу институту 1992-ж. киргизилип, президенттик бийликтин жергиликтүү өкүлдөрү болушкан. 1994-жылдан А. мамлекеттик администрация башчысы деп өзгөртүлдү. А-ди дайындоо же кызматтан алуу – Президенттин укугу. А-дин ишмердиги жергиликтүү өкүлчүлүк бийлик органдары тарабынан көзөмөлгө алынат. А-дин укуктары жана милдеттери мыйзам тарабынан бекитилет. 1995-ж. 5-февралда Жогорку Кеңешке шайлоо мезгилинде Бишкек жана Ош шаарларынын мамлекеттик администрация башчыларын (А-ди) түздөн-түз шайлоолор өткөрүлдү. Учурда Бишкек шаарында эки бийлик бар: 1) шаардык Кеңеш (өкүлчүлүк бийлик); 2)
шаардык администрация башчысы (аткаруучу бийлик) – мэр.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети