АККЕЛТЕ

АККЕЛТЕ — Манастын мылтыгы. Манас баатырдын А-ге ээ болушу ар кайсы варианттарда ар түрдүүчө берилген: «Алачтан келген Аккелте» (Радлов жазып алган вариант), «Айкожо берген Аккелте» (Сагымбай Орозбаковдун варианты), «Бакай энчилеп берген Аккелте» (Саякбай Каралаевдин варианты). Манастын негизги куралдарынын бири катары А-де да магиялык касиеттер бар. Алсак, А- нин согуш болоор алдында керегеде илинип турган жеринде өзүнөн өзү атылып, оозунан кан таамп калышы. Алмамбет Кытайдан качып келе жатканда А-нин өзүнөн өзү атылышы, же Манас өлгөндөн кийин Абыкенин колунда он эки жыл атылбай калышы жана башкалар Эпиканын салты боюнча баатырлардын жоо куралдарынын баары өзгөчө сапаттарга ээ катары сыпатталат.