АКЫЙКАТ

АКЫЙКАТ — объективдүү дүйнөнүн аң-сезимде туура чагылышы, түшүнүктүн, пикир жүргүзүүнүн, ой корутундусунун, теориянын коомдук тажрыйба ж-а иликтөөдө текшерилип, аныктала турган объективдүү мазмун. А. — диалектикалык логиканын негизги маселелеринин бири. Маркска чейинки материалисттер А-ты эч убакта өзгөрбөй турган билим деп түшүнүп, аны билбестик м-н адашуучулукка карама-каршы коюп келишкен. Метафизикалык материалисттер А-тын абсолюттук критерийин издеп, мындай критерий туюунун абсолюттук талашсыздыгында десе, кээ бири аны акыл-эстен издеген. Француз материалисттери А-тын критерийин адамдын «таламдары» м-н байланыштырса, Фейербах А-тын критерийин тажрыйба деген түшү- нүккө жакындаткан. Материалисттик диалектика б-ча А-тын критерийин субъектинин аң-сезиминен же объектинин өзүнөн издеп табууга болбойт. А. субъектинин объектиге карата мамилесинин туюнтулушуна байланыштуу, анын критерийи да таанып-билүү мамилелерин чагылдырууга тийиш. Коомдук тажрыйба дал ушундай мамилелерди туюнта турган А-тын критерийи болуп саналат. А. тажрыйбада ар түрдүү жолдор м-н текшерилет. Практиканын ар бир конкреттүү формасы көбүрөөк жетилген формасы м-н алмашылып турат. Ошондуктан диалектикалык материализм тажрыйбага зор маани берүү м-н бирге аны абсолютташтырбайт. АЛАН Лилльский — француз философу, теолог ж-а акын. Философиялык, теологиялык чыгармаларынан ичинен А. Л-дин аты м-н төмөнкүлөр байланыштуу: 134 «эреже» (теологиялык максималар), жыйынтык «Айырмачылык» (Quot modis) — библиялык түшүнүктөрдү камтыган, маңызы үч деңгээлден турган энциклопедиялык сөздүк. Анын биринчи жолку латын тилиндеги «себептер жөнүндөгү китебинде», «еретиктерге каршы» деген трактаты ж. б. чыккан. А. Л-дин белгилүү болгон «светтик» сочинениелери: «жаратылыштын ыйы» көркөм прозада ж-а ырда, философиялык — моралдык көрүнүш, гекзаметрадагы аллегориялык эпопея. «Антиклавдиан» (1183-84-ж.) жазылган. А. Л-дин ой пикирин Платонго, Аристотелге, Боэцийге, Псевдо-Дионинт Ареопагитке (Иоанн Скот Эриуген аркылуу болгон комментарий катары түшүнсөк болот. Аны шартр мектеби м-н космизми (дүйнөлүк жандын теориясы, жаратылышты кудайдын орун басары катары) платондук пифагорчулук ж. б. м-н жакындатат. А. Л. 15-к-да чоң кадыр-баркка ээ болгон.