«АЛМАМБЕТТИН АРМАНЫ»

1) Манасчы Арзы Турду уулунун (КЭР) айтуусундагы «Манастан» үзүндү. Кызыл-Суу кыргыз автоном областтык адабият көркөм өнөр бирикмеси түзүп бастырган, «Кашкар гезити» басмаканасынан чыгуучу «Керме- Тоо» аттуу журналда (1987, № 3) жарыяланган. Көлөмү —293 сап ыр. Алмамбеттин окуясынын жалпы сюжеттик сызыгы сакталуу менен анын трагедиялык образы өтө кыска мүнөздө берилген. Үзүндүдө Алмамбеттин казактарга келгени гана эскерилет да, Көкчөдөн кетишинин себептери ачык көрсөтүлбөйт. «А. а-нда» чалгынга барууга жол талашкан Чубактын «тентиген кытай» деп кордошу Алмамбетти арман айтууга аргасыз кылганы, муңкантканы байкалат. Жалпысынан бул үзүндү боюнча Алмамбеттин образы эли, жерин таштаган качкын эмес, адилет, чындык издеп Манаска келген элдик баатыр катары сүрөттөлөт.

2) Элдик дастан күү. Комузчулар арасына кеңири таралган бул күүнүн чыгышына «Манас» эпосундагы Алмамбет баатырга байланыштуу окуялар себепчи болгон. Коңурбай баштаган кытай кандары менен батыша албай, эли-жеринен кетүүгө аргасыз болгон Алмамбет казак баатыры Көкчөгө келип туруп калат. Анын келиши менен казак элинин туурдугу май, өзүлөрү бай болуп, Алмамбеттин айбатынан казактарга даап эч ким кол сала албайт. Эл Алмамбетти өз элинен чыккан баатырдай урматташат. Алмамбет да аларды сыйлайт. Алмамбетти көрө албаган казак билермандары, алардын тилине кирген Көкчөнүн кичи аялы Буудайбек Алмамбетти каралайт. Аларга ишенген Көкчө «Элиңе, жериңе кет тентиген кул» — дейт. Кейиштүү тагдырга туш болуп, же түз бастырып кете берээр жери жок кайгыга баткан Алмамбетке Акеркеч Манас баатырга баргын деп кеңеш берет. Ошондо Алмамбет капалана:

Көкчөдөн көргөн күнүм бул,

Көсөмгө кантип барамын?

Өлөңдүү жерге өрт койгон,

Көсөлгө кантип барамын …

Нарынан качып пилине

Барган менен нетейин?

Башымды алып кутулуп,

Башка бир жакка кетейин,— дейт каңырыгы түтөп.

«А. а.» айтым күү болгондуктан адатта комузчу адегенде күүгө өзөк болгон ушул окуяны аңгемелеп айтып келип, анан күүнү аткарат. Күү жай жүрүштөгү кайрыктарда өткөрө муңдуу чертилет.

Б. Алагушов

3) «Манастын» сюжетине байланыштуу кеңири белгилүү элдик күү. Анда Бээжинге кыргыз колун баштап барган Алмамбеттин туулган жерин көргөндө каңырыгы түтөп, жанындагы Сыргакка айткан арманы берилет. Күү кыргыз үналгысынын музыкалык фондусунда Ыбырай Туман уулу, Актан Тыныбек уулу, Мурсаалы Турсунбай уулу, Бексултан Бакы уулу жана башкалар комузчулардын аткаруусунда жазылып алынган.