АЛТЫ-ШААР

АЛТЫ-ШААР — топоним. Шаарлардын санына карата (Ак-Суу, Жаркен, Кашкар, Котон, Жаңы-Гисар (Жаңы-Шаар) Үч-Турпан) 18-кылымда пайда болгон реалдуу географиялык ат, Уйгурстандын батыш бөлүгү да А.-Ш. аталган. «Жергиликтүү эл өздөрүнүн Ата Мекенин Алты-Шаар деп аташат» (саякатчы М. В. Певцов). Эпостун негизги варианттарында ошол реалдуу өлкө жөнүндөгү түшүнүктө айтылат. Мисалы, Манаска каршы аттанган алты кандын бири Жамгырчынын эли (колу) « Алты-Шаар уйгуру» (Сагымбай Орозбаков, 4. 47),— деп аталат. Кээде Чет-Бээжин деген эпикалык топонимге синонимдеш «Алты-Шаар — Чет-Бээжин» катары да учурайт.