АЛЫМЖАН СЫРДЫБАЙ УУЛУ

АЛЫМЖАН СЫРДЫБАЙ УУЛУ (1932, Токтогул району, Көдүл айылы) — семетейчи. «Семетей» айтууну атасынан үйрөнгөн. Атасы «Семетей» дастанынан Семетейдин төрөлгөнүнөн тартып анын Чынкожо менен Толтойду жеңгенге чейин айткан. А. Айчүрөктүн Семетейди издеп чыгышынан ал алып кеткен Акшумкардын артынан барып, Семетей Айчүрөккө жолукканга чейин (1182 сап) айткан. Анын айтуусундагы Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү көп жагынан башка варианттар менен үндөш, жакын. Анткени, салттык бул окуя эл ичинде кеңири айтылган эпизод болгондуктан ‘майда деталдарына чейин такталып, терең иштелгендиктен кийинки айтуучулардын толуктоолоруна анча муктаж болгон эмес.