АЛЫСКЫ ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ЖАШАГАН КЫРГЫЗДАР

Чыгыш Түркстанды кыргыздар байыркы заманда эле мекендегенин билебиз. Бул чөлкөм кыргыздардын алгачкы Ата Журту болгондугун бир катар изилдөөлөр да далилдөөдө. Бул жактагы Манас шаары, Манас көлү өңдүү кыргызча аталган жер-суу аттары байыркы кезден калган эстеликтер.

Жазуу булактарында XVII к. биринчи жарымында кыргыздар Чыгыш Түркстандынжана Фергананын түндүк бөлүгүн көзөмөлдөп турганы айтылат.

1871-ж. Россия Чыгыш Түркстандагы бийлигин кеңейтип Кулжа, Баяндай, Хоргос Күчө, Суйдук, Телги сыяктуу жерлерди басып алган.

Кытай менен Россиянын ортосундагы чек араны тактоо үчүн 1880-жж. бир нече жолу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. 1882-ж. түзүлгөн «Иле келишиминин» негизинде 1884-ж. бул эки мамлекеттин ортосундагы чек ара такталып, натыйжада кыргыздардын негизги бөлүгү Россияга, бир тобу Кытайга карап калган. Ушул мезгилден тартып Кытай букаралыгына өткөн кыргыздар кытайлык кыргыздар делип аталып келүүдө.

Кытайдагы кыргыздар Кашкардан тартып чыгышты карай Какшаал, Ак-Суу, Кулжа, Үрүмчүгө чейинки аймакта Ак-Чий, Улуу-Чат, Ак-Тоо, Артыш, Текес, Лоп, Иртышка чейин чачырап орношкон. Кытайлык кыргыздар негизинен кыргыздын он, солго кирген урууларынан турат. Ичкилик урууларынан нойгуттар жана кыпчактар бар. Какшаалды жердеген нойгут уруусу жана анын чыгаан кызы Жаңыл Мырза тууралуу тарыхый уламыш азыр да айтылып келет.

1916-ж. улуттук-боштондук күрөштө жеңилген кыргыздар, кыргындан кутулуш үчүн Кытайга качууга аргасыз болгон. Кемин, Чүй өрөөнүндөгү кыргыздардын бир бөлүгү, ЫсыкКөлдөгү, Борбордук Теңир-Тоодогу кыргыздар ак кар, көк муз каптаган бийик ашууларды ашып, Чыгыш Түркстандын Үч-Турпан жана Ак-Суу райондоруна барып жайгашышкан. Ат-Башылык кыргыздар өздөрүнө чектеш жайгашкан Какшаалга көчкөн. Ысык-Көлдүн башындагы кыргыздар Каркыра аркылуу Кулжага качып барышкан. Текес тарапка 500 түтүндөй кыргыз үрккөн.

Кытайлык маалыматтар боюнча 1916-ж. Жети-Суу областынан Кытайга 332 миңден ашуун кыргыздар менен казактар качып барган. Алардын көбү кыргыздар болгон. Совет бийлиги орногондон кийин качкындардын 300 миндейи өз мекенине кайтып келишкен.

Кытайлык кыргыздар Чыгыш Түркстан элдеринин эркиндик үчүн күрөштөрүнө дайыма катышып келген. Кыргыздан чыккан Ысакбек Монуев Чыгыш Түркстандагы түрк элдеринин эркиндиги үчүн күрөшкө жетекчилик кылып, 1935-ж. 2,5 миң кыргыз жигиттеринен турган кыргыз атчандар полкун түзгөн.

1944-ж. 12-ноябрда көз карандысыз Чыгыш Түркстан Республикасы (ЧТР) жарыяланып, анын өкмөтү түзүлгөн. 1945-ж. 8-апрелде Кулжа шаарында Чыгыш Түркстан Республикасынын улуттук армиясы түзүлүп, анын башына генерал-майор Ысакбек Монуев дайындалган.

1946-ж. Чыгыш Түркстан Республикасынын өкмөтү менен Гоминдан өкмөтүнүн ортосунда келишим түзүлөт. 1949ж. августта Чыгыш Түркстан Республикасынын өкмөтүнүн башчылары (анын ичинде генерал-лейтенант чинине ээ болгон Ысакбек болгон) Москвадан Пекинге учуп бара жатып авиакатастрофадан каза табышкан. Авиакатастрофанын сыры табышмак бойдон калган. Ушул жылы төрт гана жыл жашаган ЧТР жоюлган.

1949-ж. октябрда Кытай Эл Республикасы негизделет. Жаңы бийликтин чечими менен 1954-ж. 14-июлда кытайлык кыргыздар жашаган Синцзяндын түндүк батышында Кызыл-Суу Кыргыз Автономиялуу району түзүлөт. 1955-ж. февралда ага областтын статусу берилген. Ага Акчий, АкТоо, Улуу-Чат райондору карайт. Артышшаары кытайлык кыргыздардын административдик жана маданий турмушунун борборуна айланган.

Көрүнүктүү манасчы Жусуп Мамай кытайлык кыргыздардан чыккан. Ал «Манас» эпосун кагазга түшүрүп жети томдук китеп кылып чыгарды. Белгилүү тарыхчы Анвар Байтур Кытайдагы кыргыздардын тарыхын изилдеп, бир катар китептерди жарыялаган. Анын «Кыргыз тарыхынын лекциялары» деген эки китептен турган эмгеги Бишкектен да 1992-ж. жарык көрдү.

Кытайдагы кыргыздар жөнүндө сөз болгондо Маньчжуриянын Фу-йү уездинде жашаган кыргыздарды унутпашыбыз керек.

Жыйынтыктап айтканда, акыркы эсеп боюнча Кытайда 170 миңдей кыргыздар жашайт. Алардын 120 миңдейи Кызыл-Суу Кыргыз Автоном областында, калгандары Чыгыш Түркстандын башка аймактарында жашашат. Ал эми Фуйүдөгү кыргыздардын саны 1 минден ашты.

XX к. биринчи жарымында чек аранын жабылышы менен Памирдин Афганистанга караштуу жерлеринде жашаган кыргыздардын кыргыз элинин негизги бөлүгү менен болгон байланышы үзүлгөн. Алар Афганистандын Памирде жашаган калкына айланып, чарбачылык жүргүзүп келишкен. Афгандык кыргыздарды 1978-ж. апрелиндеги төңкөрүшкө чейин Кабулга баш ийген Рахманкул хан башкарган. Рахманкул хан жетектеген мезгилде Памир кыргыздарынын аброю көтөрүлгөн. Афганистандын ханы Мухаммад Закир Шахтын убагында Рахманкул хан зор ишенимге ээ болуп, 1964-ж. баштап Лоя Жиргага (Улуу чогулуш) дайыма катышып келген жана ага кариядар (аймактын башкаруучусу) деген титул берилген.

Рахманкул хандын ишмердигинин натыйжасында афгандык кыргыздар кенен автономиялык укукка ээ болуп, бир топ жеңилдиктерге жетишкен, салык төлөшкөн эмес, аскер кызматынан бошотулган. Бирок аларга Советтик жана Кытай чек арасын кайтаруу милдети жүктөлгөн. Рахманкул хан электр энергиясын, темир жолду Памирге жеткирүү үчүн көп аракеттерди жасаган. Бул боюнча башталган иштер Афганстандагы төңкөрүштөн кийин токтоп калган.

1978-ж. апрелдеги төңкөрүш, Афганистандын Демократиялык республика аталышы, узакка созулган граждандык согуш ал жактагы кыргыздардын тынчын алып жашоосун кескин кыйындаткан. Натыйжада 1300 кыргыз (280 үй-бүлө) Памирден Пакистанга качууга аргасыз болушкан. Жолдо качкын кыргыздар үй эмеректеринен, малынын көбүнөн айрылган. Пакистандын кароосуз калган айылдарынын бирине отурукташып, калган-каткан малын сатып жан сакташкан.Пакистанда төрт жылча туруп калган кыргыздарды оору баскан, өлүм көбөйгөн. Жаңы жерге көнө албаган жүздөй үйбүлө Памирге кайтууга аргасыз болушкан.

Афгандык кыргыз качкындарынын негизги тобу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындардын иштери боюнча жогорку комиссариатына кайрылып, 1982-ж. Түркияга көчүп барууга уруксат алышкан. Ошентип, 1982-ж. августта 3 самолет менен 1138 кыргыз Түркияга келишип, Ван шаарынан 35 чакырым аралыкта, мурдатан эле кыргыздар жашаган Кара-Кундуз деген жерге жайгашышкан. Афгандык кыргыздардын келиши менен Кара кундуз кыштагынын социалдык абалы оңоло баштаган. Буга Рахманкул хан чоң эмгек сиңирген. Айылга суу түтүктөрү, электр кубаты, телефон байланышы жеткирилип, жол катнашы жакшырган. Мечит курулган. Ошентип, Памирде көчмөн турмушта жашаган афгандык кыргыздар Түркияга келип отурукташкан турмушка өтүшкөн. Мунун натыйжасында кыргыздардын коомдук турмушу, маданияты, уруулук байланыштары, үрп-адаттары ж. б. кескин өзгөрүүлөргө дуушар болгон.

Азыркы мезгилде Түркияда 4 миңге жакын кыргыздар жашайт. Мындан тышкары Түркияга билим алуу максаты менен барган студенттер, аспиранттар жана кызматкерлер да бар. Алар «Булак» аттуу чакан гезит чыгарышат. Ал Түркиядагы кыргыздардын турмушунун ар кыл жактарын чагылдырууга арналган. Памирлик кыргыздардын татаал тагдыры, тарыхы француз этнографы Реми Дордун «Ооган Памириндеги кыргыздар» деген эмгегинде чагылдырылган. Бул китеп 1993-ж. Бишкектен кыргыз тилинде чыккан.

Мындан тышкары аз сандагы кыргыз үй-бүлөлөрү Европа өлкөлөрүндө, Америкада, Пакистанда, Австралияда, Иорданияда жашашат. Эгемендүүлүктүн мезгилинде чет өлкөлөргө барып жашоо жана иштөө үчүн кыргыздарга кеңири жол ачылды. Алыскы чет өлкөдө жашаган кыргыздар менен байланыштар жолго коюлду.

 

Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор