АМПЛИФИКАЦИЯ

АМПЛИФИКАЦИЯ (лат. атрНйсайо — көбөйүү, кеңейүү) стилистикалык фигура, текстте речтик конструкциялардын же айрым сөздөрдүн кайра-кайра кайталанышы. Чыгарманын поэтикалуулугун, таасирдүүлүгүн арттыруучу каражаттардын бири. А. «Манас» эпосунда өтө көп кездешет:

Кара болот ок өтпөс,
Кырк кыраан, кие турган кез келди,
Качкындарды таандай
Чоролор, тие турган кез келди.
Какайлатып токмоктоп
Карыкандын алдында,
Баатырлар, кире турган кез келди.
Жүгөн катпай жайдактап,
Качкынды мине турган кез келди (Саякбай Каралаев).