АНАКСАГОР, АНАКСИМЕН

АНАКСАГОР (б. з. ч. 500-428) — байыркы грек философу ж-а окумуштуу. Ал 30 жылдай Афиныда жашаган ж-а афиналык философиялык мектептин негиздөөчүлөрүнөн болуп саналат. 430-ж-дын аягында кудайсыз деп күнөөлөнүп эмиграцияланган; өмүрүнүн акыркы жылдарын Лампсакост өткөргөн. А-дун чыгармаларынан бизге 20 фрагменти жетти. А-дун көз караштары милет мектебинин (баарынан мурда Анаксимендин) ж-а Пармениддин болмуш окуусунун таасири астында калыптанган. А. өзүнүн окуусун космогониялык гипотеза түрүндө белгилеген. Анын айтуусу б-ча, дүйнөнүн алгачкы абалы кыймылсыз формасыз аралашма түрүндө болот ж-а алар эсепсиз көп майда, сезимтал бөлүктөрдөн, буюмдардан турат деген. Убакыттын кандайдыр бир моментинде ж-а мейкиндиктин бир бөлүгүндө бул аралашма тез айлануучу кыймылга келет. Ага кандайдыр бир ички мамиледе -акыл (нус) аркылуу билдирилет. Акыл-эстин концепциясы философиялык ой жүгүртүүнүн андан аркы өнүгүүсүнө маанилүү таасирин тийгизген. А. күндүн ж-а айдын тутулушуна туура түшүндүрмө берген биринчи окумуштуу болуп эсептелет.

АНАКСИМЕН (б. э. ч. 585-524) — милет мектебинин белгилүү философу. Ал Анаксимандрдын окучуусу ж- а ишин улантуучусу. Фалес ж-а Анаксимандр сыяктуу А. астрономиялык көрүнүштөрдү окуган ж-а башка табигый көрүнүштөр сыяктуу табигый образда түшүндүрүүгө аракет кылат. А. башкалар сыяктуу эле дүйнөнүн негизине материянын белгилүү бир түрүн киргизет. Мындай материяга ал чексиз, түгөнбөс, белгилүү бир форманы ээлеген абаны киргизет. А. абаны жашоонун башталышы деп жарыя кылат. Абадан баары пайда болот ж-а ага баары кайтып келет, абадан кийин гана калгандар пайда болот. Абанын пайда болушу оттун пайда болушуна алып келет, андан кийин шамал-булуттар, суу-жер-таштар. Дүйнөнүн пайда болушу ж-а өнүгүшүнүн табигый түшүндүрүлүшүн А. кудайдын келип чыгыш түшүнүгүнө дагы таратат. А- дин пикири б-ча, “баштапкы болуп чексиз абал эсептелет”. А. милет мектебиндеги натурфилософиянын акыркы өкүлү. Бул мектеп дүйнөнү материалисттик түшүндү-рүүгө аракет кылган.