АНАРХИЗМ

АНАРХИЗМ (гр. anarchia – бийликсиз) – мамлекетсиз коомдук түзүлүш жөнүндөгү идея. А. – мамлекетти эркин граждандардын ассоцияциясы менен алмаштырууну максат кылган саясий багыт. 1793-ж. анг. жазуучу У. Годвин «Исследование о политической справедливости» деген эмгегинде «Мамлекетсиз коом» деген түшүнүктү киргизген. ХIХ к. 40–70-ж. саясий кыймыл катары пайда болгон. А. – бир идеологиялык доктрина эмес, анын төрт негизги багыты бар:
1) индивидуалисттик; 2) мутуалисттик; 3) коллективисттик; 4) коммунисттик. 1. ндивидуалисттик теорияны 1845-ж. М. Штернер «Единственный и его собственность» китебинде жазган. Теориянын негизин адамдын чексиз эркиндик идеясы түзөт. 2. Мутуализм багытын негиздөөчү – П. Ж. Прудон. Коомдогу социалдык теңсиздиктин булагы калыс эмес товар алмашуу болгондуктан, анын ою боюнча соода системасында реформа кылуу зарыл. Бул реформа инсандын мамлекетте көз каранды эместигине алып келет, мамлекет керексиз, өзү жоголот. 3. ХIХ к. 60-ж. М. А. Бакунин иштеп чыккан коллективдик А. теориясы жумушчу табынын арасында кеңири тараган. М. А. Бакуниндин ою боюнча мамлекет элди эзүү куралы болгондуктан, аны революциячыл жол менен жок кылуу зарыл деген. 4. Коммунисттик багыттын теоретиги П. А. Кропоткин «өз ара жардамдашуу» деген биосоциологиялык мыйзамды негиздеген. Адамдар бири менен бири күрөшкө умтулбастан, кызматташууга аракет кылат, мамлекеттик бийликти, жеке менчикти жок кылуу менен гана эркин коммуналардын союзунун федерациясына өтүүгө болот.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети