Анда короочу болмокмун

Бир адам Майкрософт компаниясына короочу болуп иштөө үчүн келет. Кадрлар бөлүмүндө ал бир топ суроолорго жооп берип, кагаздарды толтуруп, акыры ишке кирүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ага:

— «Сиз жумушка алындыңыз. Бизге электрондук дарегиңизди таштап коюңуз, жумушка качан чыгуу керектигин билдиребиз» — дейт.

—  «Менде электрондук адрес эмес компьютерим да жок»- дейт анда тигил адам.

—  «Анда биз сизди жумушка ала албайбыз, себеби, сиз интернет дүйнөсүндө эч кандай байланышыңыз, өзүңүздү тастыктаган маалыматтар жок экен»- дейт.

Ошентип, жумушка орношо албаган адам эшикке чыгат. Жанында болгону он доллар акчасы калган экен. Ойлонуп отуруп ал акчасына фермерден 10 кг помидор алып, үйлөрдү кыдырып сата баштайт. Эки саатын ичинде акчасы үч эсе көбөйөт, ал эми беш сааттын ичинде капиталы 60 доллар болот. Мындай темп менен иштесе, жалданып иштөөнүн кереги жок экенин түшүнөт да, күндө эртең менен туруп, жаңы ишин берилүү менен аткара баштайт. Бир канча убакыттан кийин машина алат да, сатуу иши жеңилдеп, кирешеси артат. Дагы бир топ убакыттан кийин жүк ташуучу машина сатып алат, андан кийин магазин ачат. Беш жылдан кийин супермаркеттер түйүнүнүн ээси болгон ал адам ишин кепилдикке алууну ойлойт. Сүйлөшүүлөрдөн кийин кепилдик агенствосунун агенти бардык келишимди түзүп, дагы жакшы сунуштар болсо билдирип туруу максатында электрондук адресин сурайт.

—  «Менин электрондук адресим тургай компьютерим жок»- дейт адам бир канча жыл илгерки жообун кайталап.

— «Кандайча? Ушундай ири масштабдагы ишкер болуп туруп электрондук адресиңиз жокпу? Эгер сиздин электрондук адресиңиз болгондо билесизби, кандай мүмкүнчүлүктөрүңүз болмок, сиз ким болмоксуз?!»

Ал адам бир аз ойлонуп туруп:

—  «Анда мен «Майкрософт» компаниясынын короочусу болмокмун»- деп жооп берет.

«Шоокум» журналы № 7 (59), июль, 2011-жыл