АНЖЫЯН

АНЖЫЯН — топоним. Фергана өрөөнүндө жайгашкан байыркы шаар. Эпосто кыргыздар мекендеген жер катары өтө арбын жолугат. Эпостогу «Алтайдан көчүп алсак дейм, Анжыян жакка барсак дейм», «Атамдан калган Анжыян Акыры издеп табам деп», «Башта ушул Анжыян Бабаң өскөн жер экен» (Сагымбай Орозбаков, 2. 13, 147, 177) деген сыяктуу маалыматтар берилип, А. Алооке чапканга чейин эле кыргыздардын мекени болот. Кыргыздардын Манас баштап Алтайдан Ала-Тоого көчүшү да Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Жакып элди чогултуп, Алтайдан Анжыянга көчөлү деп айтканы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 12) деген тема менен берилет. Андан нары эпосто А-ды кыргыз уруулары жердегени айтылып жүрүп отурат. Саякбай Каралаевдин вариантында А. өтө көп кезигип, аны «айры сакал Сынчыбек» бийлеп, өзү Манаска баш ийип турат. Тарыхый маалыматтарда А. шаары 1282—1306-ж. Тува-хан тарабынан курулгандыгы айтылат (Б. Г. Гафуров. Таджики. II том)