АРИСТОТЕЛЬ

АРИСТОТЕЛЬ Стагирит (б. з. ч. 384-322) — байыркы грек элинин улуу философу, энциклопедист, перипатетикчилердин мектебин негиздөөчү. А-дин окуусунда жеке илимдер философиялык өңүттө түшүндүрүлгөн, илимий билимдерге классификация берилген. Анын философиялык системасын жалпысынан логика ж-а метафизика түзгөн. А. тарабынан түзүлгөн ж-а «аналитика» деп эсептелген логика негизги логикалык мыйзам ченемдүүлүктөр, түшүнүктөр ой- жүгүртүүлөр, корутундулар, ырастоолор, ошондой эле далилдөөнүн же төгүндөөнүн методдору ж-дөгү окуу катары каралган. Бул окуу А-дин «Органон» аттуу фундаменталдуу чыгармасында чагылдырылган. Ушул эле эмгекте формалдуу логиканын үч мыйзамы сунуш кылынган: тең маанилештик мыйзамы, карама-каршылык мыйзамы, үчүнчүлчүктү четке кагуу мыйзамы. А-дин категориялар тууралуу окуусу (маңыз, мамиле, орун, убакыт, сапат, сан, аракет, абал, азап тартуу, ээ болуу) логика м-н метафизиканын чегинде турат. А-дин окуусунда ар бир категория төмөндөгүдөй үчилтиктүү мүнөзгө ээ: а) алар болмуштун теги б) ойдун формасы, в) дүйнөнүн негизги касиеттерин чагылдырган түшүнүктөр. Өзүнүн «Метафизикасында» А. конкреттүү болмуш, нерсе материя

м-н форманын биримдиги деп эсептейт да, материяны пассивдүү, чындыктын мүмкүнчүлүгү, ал эми форманы активдүү, нерсенин, башаты маңызы ирээтинде караган. Нерселердин жаралуу ж-а жок болуу проблемаларын чечүү м-н А. төрт түрдөгү (формалдуу, материалдуу, кыймылдатуучу же жаратуучу, максаттуу) себептер тууралуу окууну иштеп чыккан. А. үчүн жаратылышты таанып билүү дүйнөнүн табигый мыйзамы болуп эсептелген Нус — космостук акыл-эс Кудайдын өзү түзгөн табиятта ишке ашкан «ойлору» м- н каалоолорун таанып билүү дегендик болуп саналат. А-дин натурфилософиялык көз карашы телеологиялык мүнөзгө ээ, б. а. жаратылыш космостук акыл-эстин максаттарынын ишке ашуусунун натыйжасы. Өзүнүн «Физика» аталган эмгегинде ал мейкиндик, кыймыл, чексиздик, зарылчылык, кокустук ж. б. түшүнүктөрдү терең анализдөө м-н космостук акыл-эстин жаратылышка айлануу процессин талдаган. Анын космологиясында дүйнө төрт элементтен (от, жер, суу, аба) турат деп белгиленип, эфирдин бешинчи элемент болоору көрсөтүлгөн. А-дин психологиясында же «Жан тууралуу» эмгегинде жандын касиеттери ж-а түрлөрү (вегетативдүү жан, сезимтал жан, акылдуу жан) изилденген. А-дин философиялык мурасынын бир бөлүгүн анын коом м-н мамлекеттин өнүгүшүнө арналган көз караштары түзөт. Ойчул бүгүнкү күнгө чейин белгилүү болгон «алтын ордо» концепциясын сунуш кылган, б. а. «орто элемент» ирээтинде каралган орточо бай адамдардын коомдун өнүгүшүндөгү өзгөчө ролун баса көрсөткөн, кулчулукту тубаса кубулуш катары кабыл алып, адамды «коомдук жандык» катары эсептеген, мамлекеттик түзүлүштүн туура (жалпыга пайдалуу) ж-а туура эмес (айрым гана кишилер үчүн пайдалуу) деп аталган формаларын айырмалаган. А. өзүнүн социалдык-саясий окууларын мораль тууралуу көз караштары м-н байланыштырып, этиканы адамды активдүү ишмердүүлүккө чакырган үгүт-насыяттын илими катары мүнөздөгөн.