АРТУР ШОПЕНГАУЭР

ШОПЕНГАУЭР Артур (1788-1860) — немис философу. Берлинде үзгүлтүк-кө учураган педагогдук иштен кийин (1820-жылдан тартып) Франкфурт-на-Майнеде (1832-жылдан баштап) приват-доцент болуп иштеген. Анын философиясы эки жобого негизденет: 1) дүйнө-өзүндө уюган эрк; г) дүйнө — мен үчүн көрүнгөн элес (башкы чыгармасы — «Дүйнө эрк жана элес катары», 1819). Таанып-билүү үчүн жашаган нерсенин бардыгы, б. а. бул дүйнө бүтүндөй субъект м-н байланышкан объект сырттан көз салганга сырттан көз салуу, бир сөз м-н айтканда — элестүү болуп саналат. Демек, объектсиз субъект да, субъект болбогон объект да жок. Бирок мындай тааным Ш-дин пикири б-ча жетишсиз. Биз дүйнө биз элестеткенден да чоң, башкача нерсеби, эгер ошондой болсо, ал кандай нерсе деген суроо коюлат. Мунун негизине биз төмөндөгүдөй аныктамага келебиз: индивид сыпатындагы көрүнгөн таанып-билүүнү субъект өз денесинин тажрыйбасынан улам эрк анын ички маңызы экендигин туят. Дене таптакыр эки башка маңыз катары элес, объекттердин ичиндеги объект катары, ошол эле учурда «эрк» деген ат м-н ар бир эле адамга түздөн-түз тааныш болгон нерсе катары берилген. Демек, дене-эрктин объективдүү көрүнүшү; эрк-дененин өзүндөгү жашоосу. Мындай тааным- жаратылыштын бардык кубулуштардын маңызынын түйүнү бардык нерселер өздөрүнүн ички маңызына ылайык келиши керек, биз аны өзүбүздөгү эрк деп атайбыз. Эрк дегенибиз — өзүндө өзү катылган нерсе. Ой жүгүртүүнү андан ары тереңдетсек, бардык күчтөрдүн ички маңызы эрктин сапаты катары каралганын көрөбүз. Мындай күчтөргө: өсүмдүктү өнүп-өсүүгө умтулткан күчтөр; кристаллдашууга алып келүүчү күчтөр; өзүнө түгөйлөш Затты тандап алуунун негизинде түртүлүү ж-а тартылуу, бөлүнүү ж-а биригүүнү жүзөгө ашырган магнитти Түндүк уюлга караткан күчтөр; акыры келип, бардык материяда ушундай күч м-н аракеттенип, ташты жерге, Жерди-Күнгө тартып турган салмак кирет. Ошентип мейкиндик м-н мезгил гана өздөрүнүн маңызында ж-а аталышында тең ж-а бүтүн турган нерсени ар башкага бөлгөн, бөлүктөрү бири- бирине удаалаш же уланып турган көптүк катары көрүнөт; эрк өзүнө өзү катылган нерсе катары ар кандай мезгил м-н мейкиндиктен, ошондой эле каузалдуулуктан (себептүүлүктөн) тышкары турат, анын негизи да, максаты да жок, ал жүйө-себепке да ээ эмес, аны таанып-билүүгө да болбойт; ал объективдүү таанымга ээ болгондуктан, мезгил м-н мейкиндикте индивиддештирүү (Principium individuations) принцибине баш иет, ушундан улам аны жашоого болгон эрк десе болот. Эркти объективдештирүүнүн баскычтары- жаратылыштын кыйла жалпы күчтөрүнөн тартып адам ишмердигине чейин — платондук идеялар болуп саналат. Мейкиндик м-н мезгилден улам аныкталган объекттерди каузалдуулук принцибин жетекчиликке алган илимдер изилдеп үйрөнөт. Мунун натыйжасында искусствонун Генийи гана — нукура сырттан кабылдоонун ж-а ой-кыялдын адаттан тыш күчүнөн улам гана — түбөлүк идеяны таанып-билип, аны поэзияда, көркөм -сүрөт өнөрүндө, музыкада чагылдырып берүүгө жөндөмдүү болот. Музыка чынында эле өзгөчө жогору абалда турат, себеби ал искусствонун бөлөк түрлөрү сыяктуу эле идеяларды гана чагылдырбастан, биздеги дүйнөлүк эркти да түздөн-түз объективдештирүүчү болуп саналат. Ш-дин искусстводогу метафизикасы Вагнер м-н Ницшеге өзгөчө таасир тийгизген. Эрк ар дайым умтулууда болуш керек, себеби умтулуу — анын жападан-жалгыз маңызы болуп саналат. Анда эч кандай акыркы чектүү максат коюлбайт ж-а ал кандайдыр бир түпкү канааттанууга, б. а. бакытка ээ болууга жөндөмсүз. Ш. өзүнүн чечендигинин күчүнө салып турмушта кездешүүчү оор түйшүк-төрдүн бардык түрлөрүн ж-а көрүнүштөрдүн, жашоого болгон эркти жоготуудан башка кутулуунун эч аргасы болбогон акыр аягында келип индивидуация принцибин жоготууну, закымга (нирванага) айланып кетүүнү туюнткан азап-тозокту сүрөттөп чыгат. Мындай жоготуу индивидуация принцибин үйрөнүү-дөн, өзүнчө тааныш эмес кубулуштар аркылуу өзүн жаңыдан таанып-билүүдөн улам келип чыгат, мунун натыйжасы адилеттикке ж-а кайрымдуулукка алып келет. Кайрымдуулук моралдын пайдубалы болуп саналат. Кайрымдуулук сезими адамдарга гана багытталбастан, Ш. өзгөчө баса белгилегендей, жаныбарларга да багытталышы керек. ШОТЛАНДИЯ МЕКТЕБИ — 18-19-к-дарда шотландия философиясында кеңири таралган багыт. Ал француз материализмине ж-а юмдун скептицизмине каршы туруу м-н «адамдык жөндүү акыл-эс» (common sence) деген ураанды көтөрүп чыккан. Канттын окуусуна таянып анын өкүлдөрү кийинчерээк психология, таанып-билүү теориясы, эстетика, диний философия, этика илимдерин иштеп чыгышкан. Бул багыттын негизги өкүлдөрү: Томас Рид, Дугалд Стюарт, Томас Браун, кичинерээк Уильям Гамильтон кошулган. ШПЕНГЛЕР Освальд (1880-1936) — немец маданият философиясынын өкүлү. Өзүнүн «Der Untergang des Abendlandes. Umris einer Morpnologie der Weil geschichte» 1918 «Себептүүлүк жана тагдыр». Европанын күүгүмү» деп аталган негизги чыгармасы м-н белгилүү болгон. Аны Ш. дүйнөлүк тарыхты түзгөн маданияттарды болжолдуу түрдө миң жылдык өмүр м-н аныкталып чектелген организмдер катары караган. Ал батыш маданиятын жок болуп кеткен грек маданиятына салыштыруу аркылуу анын келечегин аныктоого аракеттенген. Анын пикири б-ча батыш маданияты сөзсүз түрдө жок болуп турган цивилизациянын тилкесине кирди. Анын бул китеби эки дүйнөлүк согуштун аралыгында өтө зор ийгиликке жетишкен. Мунун себеби, анда ошол учурдагы жашоо философиясын жактоочулар (Эрнст Юнгер, Людвиг Клагес ж. б.), ошондой эле билимдүү адамдардын кеңири чөйрөсү (кара; Курмандыкты күтүү) карманган рухка каршы туруунун тарыхый фактылары негизге алынган имиш. Ошол кезде эле курч сынга алынган бул китеп бүгүнкү күндө андагы чалагайымдыктын (Ш. философия үчүн гана жашаган философияны ар убак жек көрүп келгендигин моюнга алган) ж-а фактылардын өтө үстөмдүгүнүн айынан («акыйкатка караганда факты маанилүүрөөк») жагымсыз талкуулардын жемине айланууда. Жалпысынан Ш. идея м-н реалдуулуктун, рух м-н турмуш чындыгынын ортосундагы шайкешсиздикке байланышкан өтө оор проблеманы ашкере эле жөнөкөйлөтүп жиберген тайкы позитивизмге жол берген. Кийинчерээк ал бир катар башка эмгектерди да жараткан.