АСАНБЕК СТАМОВ

СТАМОВ  Асанбек (1938-ж. т.,  Москва району )  –  прозаик. 1962-ж. Кыргыз мамлекеттик ун-тетинин филология факультетин аяктаган. 1961-жылы «Ала-Тоо” журналына «Ата” повести жарыяланган. Жазуучунун биринчи китеби «Таанышуу” деген ат менен  1966-ж. жарык көргөн.. Бул китебине «Ата” повести, «Таанышуу”, «Сапар чечүү”, «Мектеп”, «Жаш курбулар” аттуу аңгемелери жана  «Убада” очерки кирген. Жазуучунун каармандары орто мектептин жогорку окуу калссынын окуучулары эмгектин жаш азаматтары жана  жогорку  окуу жайынын студенттери. Жазуучу жаш адамдардын ички дүйнөсүндө  жүрүп жаткан рухий жана  психологиялык процесстерди ар тараптуу камтууга ынтызар, алардын көз карашынын, түйшүктөрүнүн, ишенимдеринин, элестөөлөрүнүн диалектикасын көрсөтүүгө  аракеттенет. Жазуучунун көркөм иликтөөнүн предметине айландырган каармандары жаштайынан эле турмушка зиректик менен караган, акыл-сезим жетип, ошол себептен «Ата” повестинин башкы каарманы Мардын балалык туюму, кыялы айлана-чөйрөдөгүлөрүнө карата мамилеси дал ушундай планда берилген. Баланын психологиясы, анын  өзүн курчап турган көрүнүштөргө, кубулуштарга болгон катышы, биримдиги бир топ деңгээлде көркөм чагылдырылган. Ал турмуш бүк-төмдөрүндөгү фактыларды ылгай билет, аны көркөм эстетикалык чындыкка айландырууга бир топ изденгендиги ачык байкалат. А. Стамовдун чыныгы чыгармачылык жүзү, калемгердик дарамети адабий-коомчулукка изденгич прозачы сымалында белгилүү болуусу, изденүүлөрүнүн жемиштүү мезгили. 70-жылдардагы адабий туундуларына таандык. Жазуучунун «Кеч күздө” (1969) аттуу повесинде адамдык сапат, касиеттердин ичинен анын мазмунун, инсандык дүйнөсүн аныктай турган белгилерин өз мүмкүнчүлүгүнө, жөндөмүнө жана  чеберчилигине жараша ачып берүүгө аракеттенет. Ошол эң башкы белги коомго, турмушка, жеке  өзүнө  кылган мамилесинен көрүнөт. Повесттин башкы каарманы Акылбек жүрүш-турушу, түшүнүк-сезими, ойлоо мүмкүнчүлүктөрү жагынан өзүнө окшогон замандаштарынын жалпылаштырылып түзүлгөн тиби. Ал идеалаштырылган дем эмес, ошол себептен анын образы, мүнөзүнүн ачылышы реалдуу. Акылбектин  өз орду, адилеттик, тазалык, абийирдүү  максат-мүдөөлөр, асылдуулук  үчүн болгон күрөшү, иш-аракеттери бая бизге жаңы таанымал жадатма ыкмалар менен сүрөттөлөт. Анын ички жан дүйнөсүндөгү татаал жана  сырдуу процессин өзүнчө көркөм изилдөөгө алынышы автордун замандаш көркөм талабына ылайык изденгич табиятын күбөлөйт. Биз сөз кылып жаткан Акылбек кең, маданияты бийик, интеллектуалдуу, ички дүйнөсү романтикага бай, турмушка, коомго өз алдынча кароого далалаттанган замандаштын жандуу жана  типтүү  көркөм элеси. Жазуучунун адам психологиялык тереңдеп, ичкериден туруп аналитикалык принципте көркөм-эстетикалык жактан иликтөөдө  анын, изденгичтигинен кабар берген. «Жаңы тууган” (1973) повестинде курч социалдык конфликт, сюжеттик ашкере бурулуштар окуялардын ойку-кайкылыгы деле жок. Автор барынан мурда өз каармандарынын кулк-мүнөзүндөгү, психологиясындагы процесске басым коёт. Чыгарма максатына жетпей калган адам тагдырын, өлүм, өксүткөн сүйүү баянын чагылдырат. Повесттин сюжети жөнөкөй, ары реалдуу окуялардан турат. Каармандардын  образы, психологиясы жактан табигый  өнүгүшкө  ээ. Жазуучунун «Чүй баяны” (1975) жана  «Нөшөрдөн кийин” (1977) деген повесттерин  өзүнчө  сөз кылууга арзыйт. Ырасын айтканда, бул чыгармалар мурдагы «Кеч күздө” (1969) повестин идеялык-тематикалык, стилдик, көркөм-эстетикалык жана  жанрдык жагынан болсун аны табигый түрдө  улаган, толуктаган көркөм тажрыйбаларга кирет. Автор бул жаңы повесттеринде жаш адамдын жетилүүсүн, жүрөк сырларын ачуу, көркөм сүрөттөө жагынан дагы алга илгерилегенин ачык баяндайбыз.

«Жоголгон бала же чоңдорго арналган насыят” (1978), «Келгин куштар”, «Жол боюндагы жалгыз там” (1983) аттуу повесттерин окурмандын түшүнүгүн дагы бир тепкичке көтөрөт, тереңдетет. 90-жылдардын башында жазуучунун көркөм өнөрканасынын багыты башка нукка бурулуп, изилдөө  диапазону кеңигендигин анын тарыхын повесттердин турмушунан турган «Жортуул” аттуу романы күбө. Эгерде ал буга чейинки жараткан повесттеринин басымдуусунда чыгармачыл интеллигенциянын турмушун иликтөөгө, образ менен мүнөздөрүн көркөм галереясын түзүүгө  өз ышкысын жумшап, анда кадимкидей иликтерге жетишип келген болсо, ал эми соңку чыг-гында тарыхый темага, философиялык ж-а диний мурастарды кайрадан иштеп чыгууга көңүл бурат. Буга «Жортуул” романынын курамын түзгөн «Каргабай каракчы”, «Сарытай мырза”, «Жусуп  адилет” жана  «Үч мээрим” аттуу повесттери мисал. Китептин «Автордон” аттуу бөлүм-чөсүндө эскертилгендей «романдын ушу турушунда бүткөн чыгарма катары эсептөө натура болор”, ошондуктан бул чыгармалар тууралу жыйынтык пикирлерди ортого салуу эртелик кылат.

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ