АСАН КАЙГЫ

АСАН КАЙГЫ XIII–XVI кылымдардагы Алтын ордого караштуу бир катар элдерге (кыргыз, казак, каракалпак, ногой) орток философ акын. Чыгармаларында жер жүзүндөгү жандуу-жансыздардын чоң-кичинесине, адам турмушуна пайдасы бардыгына, жоктугуна карабай табият, тагдыр тартуулаган чабал жактарын эсепке алып:

 

«Куйругу жок жалы жок, Кумда туулуп, чөлдө өскөнКулан байкуш кантти экен? Чымчып алар жүнү жок, Чыңырарга үнү жок, Боорунда буту жок, Жылан байкуш кантти экен?

– деп бардыгын тегиз аяп, боорукердик м-н муңга баткан. Акжайдын күнү калың мөндүр түшүп, жаан көнөктөп куюп, борошого айланып, каз-өрдөк каркылдап учалбай, мал жер тээп оттой албай, жер бетин муз каптап, суу тоңуп жут болгондо, жадесе көзгө  илешпеген майда макулуктар көгөн, чымындан  өйдө  кар уясын басып, шордогон тырнактай чымчыктан беринин көргөн күнүн аяп, муңга баткандыктан, эл анын атына «кайгы” деген сөздү  кошуп айтышкан. Асан Кайгы жандуу эмес, жансыз жаратылышка дагы аёо м-н карап, убайым тарткан. Асан Кайгынын ой жүгүртүүсүндө адам ж-а табияттын жалпы гармониясын түзүү м-н жаманчылыкты четке кагууга болот. Албетте, Асан Кайгынын чыгарманын башкы темасы  –  адам. Ал бул жагынан демократ акын катары көрүнөт. Биринчи иретте турмуштан жабыр тарткан бей-бечаралардын тагдырын ойлоп:

 

«Жармач эле малы жок, Жамынаарга жабуу жок, Актап ичер таруу жок, Алкынып чыгар алы жок, Жарды байкуш кантти экен”

–  деп азаптанат. Асан Кайгынын чыгармадагы Алтын ордонун хандары, мырзалары  өз ара тартышып, бирин-бири кырышкан заманда жашаган. Бир кездеги күчтүү  мамл. алсыраган абалга жеткен. Асан Кайгы буга баарынан мурда Жаныбек хан күнөөлүү  деп эсептейт. Асан Кайгы элдин аң-сезиминде согушсуз,  өз ара талап-тоноосуз, адилеттүү коомду эңсеген боорукер катары сакталган. Ал эл башына түшкөн оорчулуктан кутулуу жолу мал өстүрөргө кышы жылуу, чөбү чүйгүн, суусу мол, жоодон коопсуз конушка көчүп кетүү деп эсептейт. Кыргыз уламышы боюнча желмаян минип, малга жайлуу, адамга сыйлуу конуш издеп жер кезген. Обь, Иртыш суусун, Сыр-Дарыя боюн, Түркстан жерин, Чу аралыгын кыдырып, Көл, Ат-Башы, Текес, Жылдыз, Алты шаар, Кашкарга чейин жеткен. Кыргыздарда анын Илени, казактын көз жетпеген талаасы Сары-Арканы, Анжыян, Кашкар Алты шаар, Ысык-Көлдү  сыпаттаган ырлары сакталган. Уламыш боюнча акыры Ысык-Көлдү  жактырып, аны конуштап калып,  өлөр алдында айткан керээзи б-ча сөөгү  касиеттүү  Ысык-Көлдүн адам турбай турган бир аралына коюлган. Кыргыз аңыз сөздөрүндө  Асан Кайгынын замандаштары Жээренче чечен, Акыл Карачач, Толубай сынчы, Токтогул ырчы, Алдаркөсөлөр болгондугу айтылат.

Ногой, каракалпак окумуштуулары да Асан Кайгыны Жээренче чечендин замандашы дешет. Ал эми Жээренче чечен Өзүбек хандын тушунда жашагандыгын тастыктоочу тарыхый булактар бар. «Көчмөндөрдүн философ-акындары” (Ч.Валиханов) аталган Асан Кайгы өз чыгармаларын төкмө акындардай комуз же домбуранын коштоосунда шар төгүп ырдабастан, көбүнчө  күңгүрөнүп жалгыз олтуруп, жан-жаныбарлар, жаратылыш-табият, жер-суу, ай-аалам, адамзат, адамкерчилик, адам парзы, адам ж-а эл журт тагдыры, бийлик м-н соц. коомдук түзүлүш ж. б. ж-дө кенен акыл м-н коштолгон филос. ой толгоолорун тактап, аны эл алдында келгенде макал-лакап таризинде дидактикалык маанайда жай, салмак м-н айткан түрү бар. Алсак, анын санат-насыят ырларында:

 

Ар нерсени көргөн билер,Алыс жолду жүргөн билер,Дүйнө кадырын тапкан билер,Тууган кадырын бүлүнгөн билер

–  деп санаттап ырдай берген шекилдүү. Асан Кайгынын айрым ырлары м-н Калыгулдун маселдеринде маани-мазмундук, формалык жактан кыйла окшоштуктардын бар экендиги байкалат. Мындан, бул акындар жалпы түрк элдеринин тиешелүү  көркөм ойду жарыя салган  өз доорунун акылман ырчылары экендигин айтууга болот.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ