АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ

ЖАКЫПБЕКОВ  Ашым ( 1935, Карабуура р-ну  –  1994, Бишкек)  –  прозаик, котормочу. 1958-ж. КМУнун кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн. Ж-дун биринчи аңгемелер жыйнагы 1961-ж. «Жаралуу көгүчкөн” деген ат м-н жарык көргөн. Ж-дун алгачкы аңгемелеринен тартып «Теңири Манас” романына чейинки чыгармалары, котормолору аркылуу өзүн кыргыз тилинин ой-чуңкурунун, нукура улуттук кайрыктарын терең өздөштүргөн, өтө чебер уруна билген мыкты стилист жазуучу катары тааныта алган. Анын чыгармаларынын ар бир сабынан, сүйлөмүнүн деталынан улуттук рухтун, улуттук дүйнөтааным, сезим-туюм, кабылдоонун деми келет. Ж-дун чыг-лыгына таандык калбаат эпикалык баяндоого ык салган жөнөкөй басмырт стил, түмөн сырын ичинде катып, калбаат мелмилдеп акчу дарыядай нарктуулук анын алгачкы чыгармаларынын бири «Айгашкадан” (1960) эле байкалган. Аңгеменин идеялык-тематикалык мазмунун, каармандардын образын ачып берүүдө  жазуучу элибиздин салт-санаасын, улуттук психологиясын, сөзүн эби м-н  өз ордунда, өтө кылдаттыкта, так, таамай, дасыккан жазуучудай устаттыкта поэтикалык максатка ыктуу пайдалана алган. Ж. согуш күндөрдүн элесинен «Биз атасыз өскөнбүз”, «Катаал багыт”, «Айдагы жезкемпир” ж-а «Чолпонбай” аттуу  киноповесттерин жазган. «Катаал багыт” повести жазуучунун чыг-лыгында көрүнүктүү  орун ээлейт. Повесттеги урушчаак кемпирдин образын психологиялык жактан ар тараптуу, ишенимдүү мотивировкалап бергендигин жазуучунун чоң  ийгилиги катары баалоого  болот. Автор  өз каарманын  –  «советтик жоокердин энесин” бир түрдүү  стереотиптик калыпка салбастан, өзү үчүн бул дүйнөнүн түркүгү болгон жалгыз уулунан айрылган эненин кайгы-касиретин табигый түсүндө  чагылдырып берген. Ж. кыргыз көркөм котормо  өнөрүнө  да зор салым кошкон жазуучу. Ал С. Цвейгдин новеллаларын, М. Ю. Лермонтовдун «Биздин замандын уулу” романын, А. П. Чеховдун «Эже-сиңди  үч кыз”, М. Горькийдин «Түпкүрдө” драмаларын, о. эле Ч. Айтматовдун орус тилинде жазылган повесттерин которгон. Ж. калемин ар  түрдүү  жанрларда сынап көргөн. Аңгеме, повесть, киносценарий жазган, котормочулук кылган. Ошентсе да анын кыргыз адабиятына калтырып кеткен эң чоң салымы, баалуу эстелиги «Теңири Манас” эпосу чыгармасы романы болгон. Ага чейин «Манас” эпосун кара сөз түрүндө Ч. Валиханов, Тоголок Молдо, З. Бектенов, К. Нанаев, С. Мусаев жазышкан. Алардан айырмаланып, А. Ж. эпостун мазмунун жөн гана кара сөзгө  оодарып кайталап койбостон, аны бир көркөм формадан экинчи бир көркөм формага келтирген, башка формадагы жаңы чыгарма жараткан. Жазуучу С. Орозбаков, С. Каралаев, Ж. Мамайдын варианттарынын салттуу окуяларын сактап, аны мүмкүн болушунча романдык формага жакындатып ыңгайлаштырган. Эпос жаңы, профессионалдык жазма адабияттын  үлгүсүнө  салынганда сюжеттин чың өнүгүшүнө  тиешеси аз, төкмөлүктүн жемиши болгон көп ашык окуялардан, сүрөттөөлөрдөн, кайталоолордон арылтылгандыктан окуядагы психологизм, конфликт, драматизм дагы да дааналанып, тереңдей түшкөн. Анын  үстүнө эпосту кара сөзгө  оодарып жазууда эпостун белгилүү  эпизод-окуяларын кайра кайталоо гана милдетим деп эсептебегендиктен, жазуучу каармандардын жандүйнөсүн ачууга  өзгөчө  басым койгон. Ж. заманынын таланттуу жазуучусу катары кыргыз көркөм сөз  өнөрүнүн  өнүгүүсүнө, адабий процесстин алга жылуусуна  өзүнүн зор салымын кошуп, кандай заман, кандай тартип келсе да мезгил сыноосунан майышпай өтүп, окурманга эстетикалык рахат, руханий азык бере алар даремети бар, чыныгы көркөм чыгармаларды жаратып кеткен.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ