БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ

САРНОГОЕВ  Байдылда (1932-ж. т., Талас р-ну)  – Кыргыз Республикасынын эл акыны. А. М. Горький атындагы адабият институтун (1956) бүтүргөн. Жазуучулар Союзунда кеңешчи (1959–1973) болуп иштеген. Узак жылдан бери чыгармачылык менен  гана алектенип келет. 13 жашынан ырлары чыга баштаган. 20 жашында биринчи жыйнагы «Шумкар” деген ат менен жарыяланган. Мына ошондон кийин анын жыйырмадан ашык, мис: «Досторума» (1955), «Бала мерген» (1956), «Баяс» (1956), «Ак калпак» (1961), «Тоолор жана тоолуктар» (1966), «Үзүлбөгөн  үмүттөр» (1968), «Сүйлөшүү» (1970), «Менин батпас күнүм» (1972), «Тандалган чыгармалар» (1973, 1974), «Ашуудан берген отчётум» (1982, 1984), «Таалай өлбөйт» (1982) ж. б. ыр китептери басылып, кыргыз поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү  катары эл арасына таанылды. Анын чыгармачылыгы лирикалык ырлардан, лирикалык жана  эпикалык, лиро-эпикалык поэмалардан, термелерден, сатиралык ырлардан турат. Акындын жазгандары жаттоого, үйрөнүүгө жеңил, уйкаштыктары шыдыр жана орундуу, юмор, азил, мыскыл аралаш саптары көп,

нукура элдик оозеки чыг-лыктын стилине жакын, ошон үчүн эл анын чыгармаларын көп окуп, айрым адамдар жаттап алып айтып жүрүшөт. Карпайым калктын тилине жакындыгы анын ырларына көп обондорун чыгарууга шарт түзгөн.

«Баяс” деген ыр менен  повесть жазган (1956). Чыгармачылык жолунда «Ак калпак” (1961), «Тоолор жана тоолуктар” (1966), «Менин батпас күнүм” (1972), «Ашуудан берген отчетум” (1982, 2-бас. 1984) деген китептеринин орду өзгөчө бар жыйнактар.

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ