БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗДАР ЖАНА АЛАРДЫН ХУННДАРДЫН ИМПЕРИЯСЫНА КИРИШИ

Кытай тарыхчысы Сыма Цянь (б. з. ч. 145—86-жж.) өзүнүн «Ши цзи» «Тарыхый жазмалар» эмгегинде белгилегендей, б. э. ч. 201 -ж. хунндардын падышасы Модэ шанүй (кыт. шанүй тенир куту) түндүккө жана түндүк-батышка согуштук жортуулга чыккан. Бул жортуулда ал көз карандысыз бир катар: генгүн, динлин, синьли ж. б. урууларды каратып алган. Бул маалыматтын кыргыз тарыхы үчүн мааниси өтө зор. Генгүн (гэгунь, гяньгун, циг, кигу, кыямут, камут, когыр, кыргур ж. б. варианттары бар) деп кытайлар байыркы кыргыздарды аташкандыгы шгамде толук далилденди.

Ушул маалыматтан кыргыздар б. з. ч. III к. аягында эле болгондугун, алар ээлик кылган жерлер бар экендигин билебиз. Ошентип, «кыргыз» деген этноним, түбү түрк тамырынан тараган азыркы элдердин ысымдарынын эн байыркысы болуп саналат. Өзбектер, уйгурлар, казактар, түркмөндөр, татарлар, башкырлар ж. б. түрк элдерине тиешелүү этнонимдер бир кыйла кийинчерээк пайда болгон.

Кыргыздардын байыртадан бери сакталып келген энчилүү аты болгон «кыргыз» этноними боюнча талаш-тартыштар көп мезгилден бери эле жүрүп келүүдө. Бул терминди түрк тилдеринин негизинде гана чечмелөөгө болот. «Кыргыз» этнонимин чечмелөөдө элдик вариант (элдик этимология) менен илимий вариант бири-биринен кескин айырмаланат.

«Кыргыз» аталышын элдик чечмелөө аракеттери көбүнчө уламыш түрүндө кездешет. Элдик вариант бул этнонимди «кырк» деген санга жана «кыз» деген сөзгө (кырк кыздан тараган урпактар), же «кырк» сан жана «огуз» этнонимине (кырк огуз бирикмеси), айрым учурда «кыр» сөзү жана огуз этнонимине (кырдагы т. а. тоолуу аймактардагы огуздар) болуп түшүндүрүү менен мүнөздөлөт.

«Кыргыз» этнонимин илимий негизде да чечмеленүүдө. Окумуштуулар лингвистикгшык жана ономастикалык усулдарга таянуу менен «Кыргыз» этнонимин ар кыл бөлүктөргө ажыратып түшүндүрүүгө аракет жасашат.

Анын айрым варианттары: 1. «Кырк» жана «йүс» («кырк жүз», В. Радловдун пикири); 2. «Кырк» жана «эр» («кырк кшпи, Ахмед Тоган); 3. «Кыра» жана «гыз» («кара чачтуу эл» Д. Айтмуратов); 4. «Кыргуу» «кырг» жана ага көпчүлүк санды туюнтуучу «ыз» мүчөсүнүн жалгаштырылышы («кызылдар» К. Петров); 5. «Кырг» жана «огуз» («кызыл огуз» т. а. түштүк огуздар же батыш огуздар, Н. Баскаков); 6. «Кыргын», «кыргыт», «кыргыз» (албырган жүз, көк көздүү эл

А.  Кононов); 7. «Кыргыз» (кырылгыс, түгөнгүс, жаңыланып туруучу, түбөлүктүү, женилгис эл А. Өмүркулов); 8. «Манас» эпосунун «Жайсан» варианты боюнча кыргыз кырк ууздан (т. а. Ууз хандын кырк уулунун тукуму) таралган эл ж. б.

«Кыргыздар» деген терминдин орто кылымдардагы көчмөндөр арасында (Енисейден Уралга чейин) кеңири тарагандыгына караганда: «кыргыз» деген термин «сак» деген термин сыяктуу эле адепки учурларда «кайраттуу, күчтүү, эр жүрөк, баатыр жоокер, күжүрмөн адам» деген түшүнүктү берген этностук мааниге караганда социалдык маанини көбүрөөк түшүндүргөн даңазалуу ат болгон. Ошондуктан бир кыйла көчмөн уруктар өздөрүн «кыргыз» деп атоого аракет кылышкан, — деген божомол чындыкка жакын.

Ошентип, «кыргыз» этноними белгилүү бир уруунун же уруулар бирикмесинин энчилүү аты катары пайда болуп, кийинчерээк Борбордук Азиядагы көпчүлүк элдердин жалпы аталышына айланган даңазалуу, да сыймыктуу да этноним болгон.

Тарыхый жазуу булактарында б. з. ч. III к. тартып эске алынган кыргыздардын ата журту тууралуу да ар түрдүү пикирлер айтылып келген. Сыма Цяядын эмгегинде кыргыздар эскерилгени менен алардын турган жери жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Айрымдар алгачкы кыргыз журту Еннсейде (Енисей чон дарыя дегенди түшүндүрөт) болгон дешсе, башкалары азыркы Түндүк Батыш Монголиядагы Хыргыз-Нур (Кыргыз Көл) аттуу көлдүн аймагыяда болгон деп жоромолдошкон. Акыркы божомол Кыргызстандын тарыхнаамасында көп жылдар бою басымдуулук кылып келген.

Кытайлык байыркы тарыхчы Бань Гу (б. з. I к.) өзүнүн «Хань шу» — («Хань сулалесинин тарыхы») эмгегинде: «Кыргыздардан чыгышта 7 мин ли (1 ли 500 ж) узактыкта хунндардын шанүйлөрүнүн ордосу жайгашкан», деп жазат. Археолог профессор Ю. Худяков, синолог Л. А. Боровкова жана азыркы кыргыз тарыхчылары бул маалыматка негизденип, кыргыздардын б. з. ч. I к. журту Чыгыш Теңир-Тоо аймагында болгондугун далилдешүүдө. Бул журт азыркы Чыгыш Түркстандагы Манас, Кара-Шаар сыяктуу шаарлардын түндүк тарабында, Боро-Хоро тоо кыркасынын түндүгүндө орун алган. Байыркы түрк элдеринин ичинен хунндар, усундар, динлиндер, дилдер ошондой эле Чыгыш Түркстандагы индиевропалык тилдерде сүйлөгөн калктар (юэджилер т. а. тохарлар) эзелтен кыргыздарга коншу болгон.

Кыргыздардын байыркы Ата Журту көчмөн мал чарбачылыгын жүргүзүүгө, кандайдыр бир даражада дыйканчылык менен кесиптенүүгө, кол өнөрчүлүктүн түрун өнүктүрүүгө (металл иштетүу, зергерчилик, жыгач усталык, тери иштетүү, кнйиз жасоо, өрмөчүлүк, оймочулук ж. б.), ан уулоочулук кесиптин, аскердик өнөрдүи жана оюн-зооктун өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн берекелүү жайлардын бири болгон.

Б. з. ч. I к. ортосунда хунндардын башчысы Чжичжи өзүнүн армиясын кыргыз жоокерлери менен чындап Енисейдин Миң-Өзөн өрөөнүндө жайгашкан урууларды басып алат. Ушундан кийин кыргыздардын негизги бөлүгү өздөрүнүн жаны мекенине (Енисейге) келишкен деген пикир бар. Хунндар болсо Енисейде көпкө кармалбай азыркы Кыргызстандын аймагына көчүп келишип Талас өрөөнүнө отурукташып калган. Бул жерден б. з. ч. 36-ж. хунндарга кытайлар кыйраткыч сокку урат. Чжичжи хан туткунга алынып башы кесилет.

Бул маалымат боюнча кыргыздардын жаңы ата конушка Енисейге жылышы хунндардын саясаты менен байланышат. Кээ бир изилдөөчүлөр кыргыздардын Енисейге көчүп барышын башка себептер менен түшүндүрүп, бөлөк мезгилди көрсөтүшөт.

Кыскасын айтканда, кыргыздардын Енисейге көчүп барышынын себептери, мезгили жөнүндө тарыхый маалымат эч бир жерде жазылган эмес. Мүмкүн, андай жазуу булактары тарыхчылардын колуна тийбей жаткандыр.

Кытай тарыхчысы Сыма Цянь «Тарыхый жазмалар» эмгегинде белгилегендей, негизинен азыркы Монголиянын аймагын жердеген хунндардын бийлик эгеси Модэ шанүй 6, з. ч. 201-ж. түндүккө жана түндүк-батышка согуштук жортуулга чыгып, көз карандысыз бир катар уруулар менен катар кыргыздарды өзүнө каратып алганын билебиз.

Кыргыздар Модэ шанүйгө баш иерде өзүнчө мамлекеттүүлүккө ээ болгон десек болот. Демек б. з. ч. III к. сонунан тартып кыргыздардын мамлекеттик бирикмеси Хунндардын күчтүү дөөлөтүнө баш ийип, анын таасири астында Өнүккөн.

Хунндар түзгөн көп этностуу мамлекетте этностор аралык маданий аралашуу жүрүп, байыркы түрк этносторунун тилдик жана каада-салттык жакындыгы күчөгөн. Хунндардын саясий башкаруу практикасы жана аскердик өяөрү байыркы кыргыздар тарабынан өздөштүрүлдү. Натыйжада кыргыздар да хунндар сыяктуу эле оң канат, сол канат, чордондук топ «ичкилик» болуп жиктелүүсүн уланткан. Хунндардын саясий орбитасында калган кыргыз кошуундары кытайлык империяга ж. б. мамлекеттерге каршы согуштарга хунндар менен бирдикте катышкан.

Дал мына ошондуктан кыргыз тарыхый баатырдык дастандарынын башаттык доору хунндар Борбордук Азияны бийлеген заманга барып такалаары тууралуу жоромолдодо чындыктын үлүшү чоң.

Хунндар дөөлөтүн Цзүйдихэу-шанүй бийлеп турган маалда б. з. ч. 99-ж. кытай аскерлери хунндардын ээликтерине кол салып, бирок жеңилет. Ошондо колго түшкөн кытайлык бир каарман колбашЧы Ли Лин хунндарга кызмат өтөөгө макул болот. Анткени ал Кытайга кайтып барса, аны өлүм жазасына тартышмак болчу.

Цзүйдихэу-шанүй Ли Линге өз кызын күйөөгө берген жана «батыш канаттагы чжуки-бек» деген титулду ыйгарып, ага Енисейлик кыргыздардын журтун хунндардын атынан башкарууну ташпырган. Ли Лин менен анын хунн аялынын урпактары кыргыздарды Чыңгыз хандын жортуулу башталганга чейин бийлеген, Улуу Кыргыз дөөлөтүн негиздеп, уйгур кагандыгын 840-ж. талкалаган кыргыз каганы да Ли Линдин тукуму болгон деген божомол бар.

Саясий бытырандылыкка кириптер болгон Хунн дөөлөтүнүн борбордук башкаруусу начарлаган кырдаалда — б. з. ч. 56-ж. кыргыздар саясий көз карандысыздыкка, эгемендүүлүккө жетишишкен. Алардын чордондук аймагы Чыгыш Теңир-Тоонун түндүк (тескей) жагында Боро-Хоро тоо кыркасы менен Дзосотин-Элисун чөлүнүн ортосунда жайгашкан.

Дал ушул жылдан тартып жазуу булактарында эң алгачкы ирет Кыргыз падышалыгы тууралуу эскертилет (кытайлык байыркы тарыхчы Бань Гу чакан кыргыз мамлекетин «го» «падышалык» термини менен белгилеген). Байыркы кыргыздардын бул чакан өлкөсү географиялык обочо абалына байланыштуу бир нече жыл бою хунндардын көңүлүнөн чыгып, кыргыздардын мамлекеттүүлүгүнүн жаны башаты болуп калды.

Б. з. ч. 49-ж. гака түндүк хунндардын башчысы Чжичжи-шанүй азыркы Манас шаарынын аймагындагы Уцзи падышачылыгын талкалал, батыш жагындагы Кыргыз падышачылыгын, алардын түндүктөгү Динлин өлкөсүн каратып алды. Чжичжи-шанүй кыргыздардын өлкөсүндө саал байырлап, андан ары Кангүй падышачылыгы менен ымала түзгөнүнө байланыштуу батышка жүрүшкө чыккан. Чжичжи-шанүйдүн жүрүштөрүнө байланыштуу айрым кыргыз аскер топтору б. з. ч. 48-42-жж. Талас өрөөнүнө чейин келгендиги айрым изилдөөчүлөр тарабынан белгиленүүдө.

Кыргыздар б. з. 1-У кылымдарда Кыргыздар Теңир-Тоонун чыгыш тарабын мекендеп турган. Түрк урууларынын теле (төөлөс) саясий бирикмесине коншу катары эскерилген кыргыздар тууралуу кытай булактары «Яньцинин (КараШаардын) түндүгүндө, Ак-Тоонун жанында» жайгашкан эл катары сыпаттайт. Ушул эле булактан динлиндердин бир катар бөлүктөрү кыргыздашканын, айрым хунндар да кыргыздарга кошулганын биле алабыз.

Жалпысынан алганда, байыркы доордоя бери аты жазуу жүзүндөгү тарыхый жыляаамаларда белгилүү кыргыздар өздөрүнүн узак жолду басып өткөн тарыхында башка түрк уруулары менен жуурулушуп, Борбордук жана Орто Азиянын (азыркы саясий термин боюнча Ички жана Борбордук Азиянын) бир далай түрк эмес элдеринин өкүлдөрүн ассимиляциялап келген. Алардын байыркы тарыхынын Чыгыш Теңир-Тоолук баскычы б. з. V к. акырына чейин созулган.

 

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор