БАКЫТ

БАКЫТ — адамдын иш-аракети натыйжалуу болуп, маанилүү, олуттуу каалоолору, көздөгөн максаттары ишке ашып, басып өткөн жолуна, турмушуна алымсынуу абалын билгизген моралдык — философиялык түшүнүк. Б-тын маанисине туура түшүнүү адамдын өмүрүнүн мазмуну м-н максатын тактоого байланыштуу. Байыркы грек ойчулдары (Сократ, Платон, Аристотель, Эпикур, Стоиктер) Б-тын теориялык мазмунун аныктоого аракеттенишкен. Бирок, алар жеке адамдын коомдун өнүгүүсү м-н үстүртөн гана байланышкан бактысы жөнүндө жалпы эреже түзүүнү көздөшкөн. Ошондуктан Б-ты айрымдары дене м-н жандын жыргашы же керт башынын камын ойлоо десе (Гедонизм, утилитаризм), кээ бирлери бул дүйнөнүн ыракатынан безип, өзүн тиги дүйнөгө багыштоо (Аскетизм) деп билишкен. Бул маселе буларга чейин Индияда Будда окуусунда жеке жыргалдын абсолюту наркын азаптануу аркылуу тануу ж-а жакшы маанайда кечүү — чыныгы ыракатка-толук жымжырт тынчтыкка (келбес сапарга кетүүгө) алып келет деп түшүндүрүлгөн. 18-к-да француз материалисттери адамдын бактылуу болушун алардын материалдык мүдөөсүнүн канааттанышы м-н байланыштырышкан. 19-к-дагы немец классик философу Л. Фейербах болсо, бакытты башка адамды өзүндөй жакшы көрүү, сүйүү м-н байланыштырган. Ал эми 14-к-да жашаган кыргыз ойчулу, акылманы ж-а акыны Асан-кайгы болсо, ар Адам дайыма башка бардык адамдардын кайгы- капасына, ой-санаасына ортоктош болуп, аларга кечиримдик, боорукердик көрсөтүп турууга жетишкенде гана бактылуу турмуш келип чыгат деп айтып кеткен. Марксизм-ленинизм чыныгы бакытка социалисттик, коммунисттик коомдордо гана эмгек аркылуу жетүүгө болоорун далилдөөгө аракеттенген.