БАСМАЧЫЛЫК

БАСМАЧЫЛЫК (түрк. басмак – кысымга алуу, кордук көрсөтүү) – Орто Азияда Совет бийлигине каршы чыккан реакциячыл кыймыл. Бул кыймыл улуттук-боштондукту көздөгөн максатта жүргүзүлгөн деген да пикирлер бар. Орто Азияда Б. 1917-ж. ноябр-дын аягынан башталат. Большевиктердин «ар бир улуттун өз тагдырын өзү чечүү укугу» деген ураанынын негизинде Түркстандын улуттук ж-а клерикалдык партиялары («Шура-и Ислам», «Алаш», «Шура-и-Улеми») аймакка автономия статусун берүү м-н акырындап, Сов. Россиядан чыгарууну көздөшкөн. Ушундай максат м-н жалпы мусулмандардын 4 курултайы (26–29-ноябрь 1917-ж.) М. Тынышпаев, кийин М. Чокоев башында турган Кокон автономиялуу өкмөтүн ( өкмөткө М. Тынышпаев, ж-а М. Чокоев мүчө болгон ) түзгөн. Түркстанда кош бийлик орнойт: биринчиси, большевиктер башында турган Ташкендеги Совет өкмөтү, экинчиси, ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн ж-а «Шура-и Ислам», «Алаш» ж.б. партияларынын мүчөлөрүнөн турган Кокон автономиясы. Крайлык Советтин 4-съезди Кокон автономиясын мыйзамсыз деп эсептеп, анын өкмөт мүчөлөрү 1918-ж. февралда камакка алынат. Кутулгандары совет бийлигине каршы күрөшкө чыгышат. Ошентип, Кыргызстандын түштүгүндө граждандык согуш башталат. Басмачылыктын негизги кыймылдаткыч күчтөрүн бийликке умтулган жергиликтүү байлар, буржуазиянын өкүлдөрү, мусулман дининин төбөлдөрү түзгөн. Большевиктик партиянын ж-а совет өкмөтүнүн динге каршы жаңылыш саясаты, дин ж-а оокаттуу адамдарды куугунтукташы эл массасынын бир бөлүгүнүн кыжырдануусун туудурган. Карапайым калктын улуттук эркиндик, өзүнүн диний ишенимин коргоо үчүн жүргүзгөн күрөшүн басмачылар билгичтик м-н пайдаланган. Басмачылардын куралдуу күчтөрүнө алданган же жазалоодон корккон дыйкандар да Басмачылардын катарына киришкен. Совет бийлиги тарабынан киргизилген «Аскердик коммунизм» саясаты б-ча дыйкандардын ашыкча малын, эгинин тартып алуу эрежеси да айрым дыйкандардын басмачылар тарабына өтүшүнө түрткү болгон. Б-тын демөөр-чүлөрү бул кыймылга саясий багыт бериш үчүн панисламизм ж-а пантүркизм идеяларын пайдаланышкан. Түштүк Кыргызстанга кеңири жайылган Б. к-н Калкожо, Мадаминбек, Мойдунбек, Эргеш, Рахманкул, Көршермат, Аман палван ж.б. корбашылар жетектеген. Аларга каршы атайын Фергана фронту түзүлгөн. Кызыл Армиянын бөлүк-төрү м-н бирге жергиликтүү сов. уюмдар түзгөн ыктыярдуу аскердик кошуундар басмачыларга каршы күрөшкөн. 1923– 24-ж. Кыргызстандагы басмачылардын ири бөлүктөрү негизинен жоюлган.