БАТКЕН ОКУЯСЫ

Диний экстремисттердин тобу 1999-ж. август айынын башында эгемендүү Кыргыз Респнын түштүгүнө басып киришип, Баткен р-нунда өздөрүнүн лагерлерин курган ж-а аларды чыңдоого аракет кылышкан. Өздөрүн Өзбек Респ-нын мамл. бийлигинин оппозициясыбыз деп эсептеген бандиттик топтор Кыргызстандын аймагын өздөрүнүн базасына айландыруу, тажрыйбасы жок жергиликтүү жаштардын башын айлантып өздөрүнө тартуу, алардан келечектеги баскынчыларды даярдоо максатын көздөшкөн. Өз максаттарына жетүү үчүн алар милициянын, райондук админ. кызматкерлерин, ал жакта иштеген япондук төрт геологду ж-а карапайым адамдарды барымтага алышкан. Бир катар кыштактарды басып алууга үлгүрүшкөн. Динге жамынган террорчулардын бул аракети Кыргыз Респ-нын Өкмөтү тарабынан мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү катары бааланып, аларды талкалоо, респ-нын чегинен сүрүп чыгуу ж-дө чечим кабыл алган. Региондук деңгээлдеги терроризмге каршы күрөштө Кыргызстанга «Шанхай бешилтигинин» келишимдерине ылайык Өзбекстан, Россия, Армения ж-а Казакстан аскердик-техникалык жактан көмөк көрсөтүштү. Кыргызстандык жоокерлер, ыктыярдуу аскердик топтор бандиттердин бирикмелерин талкалоодо күжүрмөндүктү көрсөтүшүп, айрымдары бул кармашта Ата Мекен үчүн курман болушту. Кыргызстандын түштүгүндөгү куралдуу кагылышуулар Кыргызстандын жалпы элинин биримдигинин, душманга каршы сокку уруу жөндөмдүүлүгүн сыноодон өткөрдү. Респ-нын көптөгөн жаштары Кыргызстандын бүтүндүгүн коргоо, бандиттик топторду талкалоо үчүн өз ыктыяры м-н аттанышкан. Респ-нын түштүгүндөгү баскынчылардан жапа чеккен элдерге, аскерлерге жардам берүүгө Кыргызстандын эли колунан келген жардамдарын көрсөтүштү. Кыргызстандын түштүгүндөгү бул окуя респ-нын коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу ишинде чоң сабак болгон. Мында респ-нын куралдуу күчтөрүндөгү кемчиликтер, аскердик техниканын, куралжарактын жетишсиздиги ж. б. айкын көрүндү. Кыргызстан Өкмөтү бул кемчиликтерге жеткиликтүү баа берип, тийиштүү чараларды көрө баштады. Куралдуу кагылышуулар болгон чөлкөмдүн стратегиялык ж-а социалдыкэкон. маанисин эске алып, Кыргыз Респ-нын Президенти А. Акаев 1999-ж. 13-октябрда Баткен облусун түзүү ж-дөгү мыйзамга кол койду. Бул облуска Ош облусунун Баткен, Кадамжай, Лейлек р-ндору ж-а Кызылкыя ш. киргизилип, жаңы облустун борбору Баткен айылы болуп белгиленди.