БАТРАКТАР

БАТРАКТАР – бай-манаптарга жалданып, кара күчүн сатып жан багышкан, кыргыз коомундагы социалдык  бөлүктөрдүн биринин аталышы. Люмпен-пролетариаттардан айырмаланып Б-дын үй-бүлөсү, анча көп болбосо да, малмүлкү, жери болгон. Октябрь революциясы жеңип, бийликке кедей-кембагалдар келгенде, байлардын байлыгын  кайрадан бөлүштүргөндө, өзгөчө 1921–29-ж. жер-суу реформасынын жүрүшүнөн кийин, Б. мал-мүлккө, жерге ээ  болушкан жана коллективдештирүү мезгилинде колхоздорго, айыл чарба артелдерине, коммуналарга биринчилерден  болуп киришкен.