БАШ ТАРТУУ КАТЫ

Өтүнүч, суроо, сунуш, чакыруу мазмунундагы каттарга макул болбогон учурларда жооп катары берилүүчү кат. Баш тартуу катын жазууда, себебин негиздөө жана түшүндүрүү керек.
Баш тартуу катында кайрылган тараптын суроо, өтүнүчтөрү боюнча кайда кайрылуу аркылуу оң жооп алса боло турганы жөнүндө маалымат берилиши мүмкүн.

 

ҮЛГҮ:

 

Заказ алуудан баш тартуу каты

Сиздердин катыңыздарда компьютердик техниканын эң жаңы моделдери
жөнүндө сөз болуп жаткандыгына байланыштуу, биз бул талапты орундата
албаганыбызды билдиребиз. Биз кызматташкан чет элдик фирмаларда сиздер
сураган баада эң акыркы моделдеги компьютер жана анын жабдыктары өтө
кымбат баада болгондуктан, сиздердин заказ аткарылбай калат.
Борборубуздагы башка «Басма» фирмасына кайрылып көрүүңүздөрдү сунуштайбыз.
Бул жолку заказыңыздарды аткара албагандыгыбыз үчүн өкүнөбүз. Мындан ары кызматташтыгыбыз уланат деп ойлойбуз.