БЕКТЕНОВ  ЗИЯШ

БЕКТЕНОВ  ЗИЯШ (1911–1994 Түп р-ну)  –  котормочу, белгилүү  тилчи, окумуштуу. 1940-ж. Кыргыз Мамл. педагогикалык ин-тун бүтүргөн. 1961-жылдын өмүрүнүн аягына чейин Баласагын атн. КМУнун ага окутуучусу, доцент, ардактуу профессору болуп иштеп келген.  1933-ж. Т. Байжиев м-н бирге 3–4-класстар  үчүн кыргыз тилинин алгачкы окуу куралын чыгарган. 1949-ж. кыргыз адабияты б-ча биринчи окуулуктун автору болгон (Т. Байжиев авторлош). «Кыргыз адабияты. Орто мектептин 8-классы үчүн хрестоматия  –  окуу китеби” деп аталган бул саамалык кыргыз педагогика, методикасы багытындагы гана эмес, адабияты м-н маданиятындагы зор жаңылык болгон. Кыргыз окуулуктарына эң алгачкы жолу Енисей-Орхон жазуулары кыргыздыкы экендиги туурасында кабарланып, анын тили, стили, тарыхы туурасында кеп салынган. Октябрь рев-на чейинки фольклор терең  талдоого алынган. Окуулукка камтылган  үлгүлүү  тексттер  көркөм чыгарманын ордуна сүйө окулуп, көптөгөн жаш-карыга рухий кубат берип, зор тарбиялык мааниге ээ болгон. «Замандаштарым жөнүндө эскерүү” (1992) китебинде өз замандаштары кыргыз адабияты, мадания-ты илиминдеги И. Арабаев, К. Тыныстанов, С. Карачев, К. К. Юдахин,  Б. Данияров, М. Элебаев, У. Абдукаимов, Т. Жолдошев, С. Каралаев, М. Ауэзов, В. М. Жирмунский ж. б. залкарлардын кийинкилер жакшы биле бербеген адамдык сапаттарын, ил. көркөм багыттагы эмгектерин жеткире жазган. Ал көркөм котормо ишине 1929-ж.  киришип, көптө-гөн прозалык, драмалык ж-а фольклордук чыгармаларды кыргыз тилинде сүйлөткөн. А. Фадеевдин «Талкалоо” романын (1957; 1974), Н. В. Гоголдун ар кандай жанрдагы көптөгөн чыгармаларын («Чыгармалардын 2 томдуу жыйнагы” 1959; «Тандалмалар” 1980; «Жаңы жыл алдындагы күн” 1986), «Учуучу корабль” аттуу украина жомогун (1986) өзүнчө  китеп кылып чыгарган. Айрыкча 1990-ж. жарык көргөн «Эне тилден гүлдесте” китеби жаштарды кыргыздын нагыз тили м-н оозандырууда, фольклор м-н адабиятын түрдүү жанрларынан камтылган үлгүлүү тексттерди тартуулоодо, улуттук үрп-адат, салтка тарбиялоодо зор кызмат өтөгөн. Б. «Манас” эпосу б-ча жогорку тепкичтеги илимпоз болуп, эң алгач Сагымбай Орозбаковдун вариантын кара сөз түрүндө жазып чыккан, москвалык, ленинграддык фольклористтер дүйнөдөгү  эң  зор эпос  – «Манас” б-ча фундаменталдуу эмгектерин ушул кара сөздүн негизинде жазышкан. Ал Кыргыз улуттук ун-тинин ардактуу профессору болуу м-н «1941–45-ж. Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн”, «Эмгек ардагери” медалдары м-н сыйланган. Кыргыз ССРнин Эл агартуунун отличниги болгон.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ