БИРИМДИК

БИРИМДИК (мамлекеттер аралык, улуттук, социалдык, таптык, топтор аралык) – кызматташтыктын конкреттүү  маселелерин чечүүнү коомдун субъектилеринин мамилесинин жогорку деңгээлде уюштурулушу. Б. диалог,  сүйлөшүүлөр, көбүнчө юридикалык жактан бекитилет да, декларация, келишимдерде жарыяланат. Дүйнөлүк  цивилизациянын жашоосу үчүн азыр ар түрдүү партиялардын болушу маанилүү. Б. бир нече компоненттерден турат: 1)  Б-тин материалдык базасы – өндүргүч күчтөрдүн деңгээли, ал аралык эмгектин бөлүнүшү, технология, социалдык  күчтөр, идеологиялык күчтөр, жалпыга бирдей эл аралык укук нормалары; 2) Б-тин маңызы – мамилелердин  субъектеринин өз ара ишеним мамилеси, достугу, эки жактуу ишеним, саясий, маданий, социалдык турмушту  интернационалдаштыруу; 3) Б-тин мазмуму – объективдүү, субъективдүү мамилелердин жыйындысы; 4) Б-тин формасы  мамилени уюштуруу ыкмасы; 5) Б-тин субъекттери – партиялар, таптар, катмарлар, топтор, мамлекет, коомдук  уюмдар ж. б. 6) Б-тин объектилери – ички жана тышкы кыйынчылыктарды чечүүдө ишмердүүлүк багытталган нерсе; 7)  Б-тин принциптери – конституция, уставда бекитилген юридикалык норма, эрежелердин жыйындысы; 8) Б-тин фактору  – Б. чакырган объективдүү жана субъективдүү шарттардын өз ара аракеттениши; 9) Б. керектөөлөрү субъектилердин  керектөөлөрү, ички жана тышкы шарттардан кийин келип чыгат. Б-тин мааниси пайда болгон маселени чечүүдө  субъекттер биригишет да, жаңы системалуу мыйзам ченемдүүлүктөр пайда болот.