БОШ УБАКЫТ

БОШ УБАКЫТ адамдагы (жамаат, коомдогу) эң зарыл, керектүү иштерине кеткен убакытты чыгарып салгандан кийин калган, иш күнүнөн сырткары мезгил (күн, жума, ай, жыл). Б. у-тын чеги адамдардын тиричилик ишмердигиндеги жалпы убакыттын ичине кирген иш күнү (кошумча эмгектенгенин кошкондо) м- н жумуштан сырткаркы мезгилинин (анын ичине зарыл иштер м-н колу бошобогон мезгил да киргизилет) ортосундагы айырма аркылуу аныкталат. Азыркы коомдо Б. у. маселеси өзүнүн татаалдыгы м-н айырмаланат, тигил же бул коомго мүнөздүү көрүнүштөрдү чагылдырып, ар-түрдүү, кээде карама-каршы мазмунга жык толгон. Социалдык-тарыхый категория катары Б. у. үч негизги чен-өлчөм м-н мүнөздөлөт: көлөмү(чоңдугу), түзүлүшү (структурасы) ж-а мазмуну м-н Б. у-тын көлөмү, биринчи кезекте, тигил же бул коомго мүнөздүү иш мезгилинин узактыгына жараша болот, тактап айтканда жумуштан сырткаркы мезгилдин жалпы көлөмүнө жараша. Б. у. өзүнүн түзүлүшү (уюшулушу) м-н да мүнөздөлөт. Алсак, бул — жигердүү чыгармачылык ишмердик (окуу, өз алдынча билимин арттыруу, жекече (газета, журнал, китеп, ж. б.) ж-а жалпы (кино-театр, музей, ж. б.) маданий-рухий керектөөлөр; дене машыгуулары (спорт); сүйгөн иши м-н алектенүү; пайдасыз эс алуу (ичимдик ичүү, убакытты бошко кетирүү, ж. б.). Демек, дайындуу иш м-н алек болуу, анын сапаты — Б. у-тын мазмунун түзөт.