БУГУ ЖАНА САРЫБАГЫШ УРУУЛАРЫНЫН ЧАБЫШЫ

БУГУ ЖАНА САРЫБАГЫШ УРУУЛАРЫНЫН ЧАБЫШЫ – 19-к-дын 50-жылдарында Түндүк Кыргызстанда өткөн саясий окуя. Анын негизин бул эки кыргыз урууларынын өз ара жер ж-а бийлик үчүн күрөшү түзгөн. Жаңжалдын чагылышына 1854-ж. Ормондун айылында (Ысыккөлдүн күңгөйүндөгү Аксуу деген жерде) өткөрүлгөн ордо оюну шылтоо болгон. Бугу уруусунун төбөлү Боронбайдын оюнчусу Чыйбыл оюнду утуш м-н бүтүп, бугулар тогуз бээден турган байгени жеңип алышкан. Сарыбагыштын оюнчулары саяктын төбөлү Алыбек манаптын оюнчусуна да жеңилип калган. Ормон хандын жазасынан чочулаган Алыбек бугу уруусуна көчө качат. Ушунун баарын шылтоолоп, Ормон хан 1854-ж. июль айынын башында аскерлери м-н жортуулга аттанып, бирок Шаты суусунун боюндагы чабышта катуу жарадар болгон. Аскерлеринин алдыңкы чакан бөлүгүнүн бир даары туткунга түшүп, бир даары качып кутулат. Ормон хан бугулардын колунда каза болгон. Анын куну үчүн сарыбагыш жоортулдары башталат. Алыбек манап качкан жеринен колго түшүп өлтүрүлгөн, бейкүнөө саяк, бугу уруулары талоонго алынган. Боронбай бир катар уругу м-н Каркыра ж-а Текес жакка чегинүүгө аргасыз болгон. Боромбай кытай бийликтеринен жардам сурап кайрылганынан пайда чыкпаган соң, орус бийликтерине букаралыкка өтүүгө дагы бир ирет кайрылууга муктаж болот. 1855-ж. 17-январда бугу уруусунун өкүлдөрү Россиянын букаралыгын кабыл алгандыгы ж-дө ант берген, алардын башчысы болуп Боромбай дайындалган. Ушундан соң Б. ж. с. у. ч-н басуу үчүн ордо бийликтери өз элчилери, өкүлдөрүн, чакан кошуундарын жибере баштаган. Ортого Жантай да салынган. Түндүк кыргыздардын Россияга бириктирилгенине байланыштуу 1863-ж. Б. ж. с. у. ч. негизинен тынчыган. Орус бийликтерине баш ийбеген Үмөөтаалы өзүнүн сарыбагыш уруусу м-н ошол эле жылы Чатыркөл тарапка көчө качкан. 1867-ж. ал да Россиянын букаралыгына өткөн.