БУКАРА

БУКАРА (арабча) – 1. Бир мамлекетке, уруулук бирикмеге же феодалдык төбөлгө {бек, болуш, бай-манап, хан, падыша)  караштуу эл, уруу же жеке адамдын аталышы. 2. Кедей-кембагал, жарды, колунда жок. Букарадан тың чыкса, манаптан  тилин тартпаган (Токтогул). 3. Бир урууга багынычтуу башка уруу же адам. Күтүп калсаң букара, Аргын, ногой эл мына  («Манас»). 4. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында Б. пролетариат деген мааниде кабылданып, 1917-ж. Пишпек  уездинде кыргыз, казак, татар ж. б. улуттардын кедей жана орто дыйкандарын бириктирген демократтык уюм «Букара»  союзу түзүлгөн. Уюмдун программасында кыргыз элинин саясий аң-сезимин жана саясий маданиятын көтөрүү, кыргыз  коомунун саясий турмушун демократтык негизде жөнгө салуу максаттары коюлган. «Букара» союзун К. Сарыкулаков  жетектеген. 1918-ж. май айында бул союз «Кыргыз пролетарларынын совети» болуп өзгөртүлгөн.