ВАНДАЛИЗМ

ВАНДАЛИЗМ (вандалдар – байыркы герман урууларынан, Римди басып алып, акылга сыйбаган мыкаачылык жана  жапайычылык менен бир-эки жуманын ичинде шаарды талап-тоноп, күм-жам кылып талкалап кеткен) – маданий –  тарыхый эстеликтерди, жеке жана коомдук баалуулуктарды, мүлктөрдү атайылап талкалоо же бузуу. В. басып алуучулук  согуштар жана геноцид, депортация менен байланышкан мамлекеттик жана мамлекеттик эмес аракеттердин милдеттүү  түрдөгү жандоочусу болуп эсептелет. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде, эки тараптан тең маданий-тарыхый  эстеликтерди жана баалуулуктарды талкалоо, бомбалоо, талап-тоноо массалык мүнөзгө ээ болгон. Чет өлкөлүк  изилдөөчүлөр В-дин төмөндөгүдөй түрлөрүн белгилеп көрсөтүшөт: а) формалдуу лидерлердин буйругу менен ишке  ашырылган В.; б) басым көрсөтүү тобунун, көпчүлүктүн же алардын лидерлеринин басымы астында жүргүзүлгөн В.; в)  мүлккө ээ болуу, же башка бир саясий, улутчулдук, уруулук, диндик максаттарга жетишүү үчүн жүргүзүлгөн В.; г)  канааттануу же ырахат алуу үчүн жеке арамза оюн ишке ашыруу максатында жасалган В. д) стресстик абалды  жеңилдетүү, ачуусун таркатуу максатында жасалган В. Бүгүнкү күндө В. байланышкан кылмышкердик күн санап өсүүдө.  Көрүстөндөгү жез, коло, темирден, чоюндан жасалган коргондордон тактачаларды уурдоо, коло замбиректерди,  Бишкектеги жаратылыш паркына коюлган колодон жасалган көркөм өнөр чыгармаларын, монумент-статуяларды уурдоо,  мазактоо ж. б. В. менен байланышкан иш-аракеттер кылмышкерлик деп эсептелет.