ВЕБЕР Макс

ВЕБЕР Макс (1864–1920) – атактуу немец социологу, тарыхчы, экономист, юрист. А. Вебердин бир тууганы. Негизги  эмгектери «Байыркы дүйнөнүн агрардык тарыхы», «Протестанттык этика жана капитализм руху», «Чарба жана коом».  Вебердин методологиясынын негизинде тарыхый процесстердин ойдогу абстрактуу жана ыктыярдык конструкциялары –  идеалдуу типтер теориясы, социалдык аракеттери индивидуалдык мотивдерди талдоо аркылуу түшүнүү концепциясы  турат. В. саясий сферада легитимдүү үстөмдүктүн үч тиби бар деп көрсөтөт. Биринчи тиби – легалдуу деп аталат, бул  жеке адамдын бийлигине эмес, мыйзамдын күчүнө баш ийүүгө негизделген укуктук мамлекет болуп эсептелет. Экинчи  тиби -салт, үрп-адатка, илгертен бери келе жаткан тартиптин жана бийликтин ыйыктыгына негизделген патриархалдык  мамлекет. Үчүнчү тиби – харизматикалык үстөмдүк. Башкаруучунун өзгөчө, эң мыкты сапаттарына – харизмага  негизделген. ХХ к. укуктук мамлекеттердин коомдук турмушунда күчөп бараткан бюрократташтырууга көңүл буруп,  бул келечекте бюрократия менен демократиянын ортосундагы конфликтке алып келиши мүмкүн деген.  Демократташтыруу мезгилинде калктын кеңири массасы социалдык-саясий турмушка канчалык көбүрөөк тартылса, анда  ошончолук көп сандагы уюмдар пайда болот да, акыры ал уюмдар демократташтыруунун өзүнө тоскоолдук кылаарын  байкаган. Бюрократтардын тирандыгын болтурбоо үчүн В. плебисцитардык демократия теориясын сунуш кылган. Ага  ылайык, плебисцитардык жол (жалпы калктын тикелей добуш берүүсү) менен шайланган харизматикалык лидер  парламенттик демократиянын күчүнө дагы кошумча болууга тийиш. Вебердин ою боюнча ХХ к. инсандын, коомдун  жана мамлекеттин ортосундагы өз ара мамилелер маселесин чечүү көбүн эсе харизматикалык лидердин гана колунан  келет.