«ВЕДДЕР»

«ВЕДДЕР» (санскр. – билим) – байыркы индиялыктардын төрт негизги ыйык китептери – Ригведа, Атхарваведа,  Самлаведа жана Яжурведа. Бул ыйык китептер б. з. ч. ХII–VII к. түзүлгөн. В. индия адабиятынын эң алгачкы  чыгармаларынан жана алар пайда болгондон тарта индиядагы саясий ойдун өнүгүшүнө оң же терс таасирин тийгизип  келген. В-дин авторитетин таанып, аларды баалап келген философиялык системалардын катарына – минанса, веданта,  сакхья, йога, ньяя, ваешешика кирет. Ал эми В. авторитетин тааныбаган мектептерге – материалисттик (чарвоки),  будда жана жайн мектептери кирет. «Ригведа» ыйык китеби кийинчерээк веди адабиятындагы үч жанрдын: – брахмандар  (В. салттарын жазган жана түшүндүргөн китептер), араньяки («Токой китептери» – веди салттарынын мистикалык  мааниси сүрөттөлгөн китептер), урпани-шаддар (В. мифологиялык-философиялык негизге ээ болгон жана биринчи  орунга кудай, адам жана жаратылыш жөнүндөгү ой жүгүртүүлөр коюлган китептер) – пайда болушуна негиз түзгөн. В.  деген сөз жогоруда айтылгандардан тышкары жөн гана «ыйык китеп» же «жогорку акылдуулук» дегенди түшүндүрөт. В.  китептеринде диндик түшүндүрмөлөрдөн тышкары дүйнөнүн жана адамдын жашоо себептери жана максаттары  жөнүндөгү суроолор да коюлган.