ВУЛЬГАРДЫК МАТЕРИАЛИЗМ

ВУЛЬГАРДЫК МАТЕРИАЛИЗМ (лат. vulgaris — жөнөкөй, кадыресе) — 19-к-дын     ортосундагы материализмдин негизги принциптерин жөнөкөйлөткөн, одонолоткон философиялык агым. В. м. теориялык негиздөөчүсү француз материалисти Кабанис, ал эми негизги өкүлдөрү К. Фохт, Л. Бюхнер, Я. Молешоттор болгон. В. м. табият илимдеринин теорияларын (материянын сакталуу мыйзамы, энергиянын айлануу ж-а сакталуу мыйзамы, Дарвиндин эволюциялык өнүгүү мыйзамы, организмдердин клеткалык түзүлүшү ж. б.) активдүү түрдө кеңири жайылтып, атеисттик маанайдагы корутундуларды чыгарышып, аларды, өзүлөрү айткандай, немец классикалык философиясынын «көз боемочулугуна», «шарлатандыгына» каршы коюп, философиялык проблемаларды табият таануу илимдеринин конкреттүү изилдөөлөрү аркылуу чечүүгө умтулушкан. Мис., В. м. аң-сезимди ж. б. коомдук көрүнүштөрдү тамак-аштын химиялык составынан, климаттан ж. б. көз каранды, ж-а физиологиялык процесстердин натыйжасы деген пикирди айтышкан. Физиологиялык процесстер психиканы аныктайт, ал эми боор м-н өт бири-бирине карата кандай мамиледе болсо, мээ м-н акыл-ой да ошондой катнашта, б. а. акыл-ойду мээнин секрециясы катары түшүндүрүшкөн. Ошентсе да, В. м. 19-к. шартында табият илимдеринин ачылыштарын кеңири жайылуусуна көмөктөшкөн динге, идеализмге каршы күрөшкөн агым болгон.