ВЮРЦБУРГ МЕКТЕБИ

ВЮРЦБУРГ МЕКТЕБИ Германиядагы Вюрцбург шаарынын психологиялык институтунда 20-к-дын биринчи он жылдыгындагы ойлоону эксперименталдык изилдөө багыты. Негиздөөчүсү — О. Кюльпе, өкүлдөрү Н. Ах, К. Бюлер. Өзүн өзү байкоо техникасын жакшыртып (сыналуучуларды тандоо ж-а машыктыруу, тапшырманы аткарууну ж-а баштан өткөрүлгөндөр жөнүндө отчетту бөлүштүрүү), В. м. өкүлдөрү тапшырманын маанисине тиешелүү образдардын сыналуучулардын эс-акылында жоктугун баамдашкан. Ошондуктан негизги, О. Кюльпе айткан ойлоонун образсыз мүнөзү жөнүндө негативдүү тезис б-ча, ойду сезимдик тааныштыктардын айкалышы деп айтууга болбойт. Баштан өткөргөндөрдүн отчетунда, В. м-не ылайык, образдар эмес, башка нерселер — катнаштар, максаттык көрсөтмөлөр, айкалыштыруу же топтоо аракеттери ж. б. айтылган. Бул түзүлүүлөрдүн мүнөздүү окшоштугу — интенционалдуулук, баштан өткөргөндөрдөн тышкары жаткан нерселерге:  идеяларга, идеалдуу ж-а реалдуу предметтерге багытталуучулук болот. В. м-нин негизги эмгеги ой жүгүртүүнүн психологиялык өзгөчөлүктөрүнүн спецификалуулугу, алардын тааныштыктардын ассоциациясы эместигин ачуу эсептелет. В. м-нин илимий иштери 20-к-да гештальтпсихологияга ж-а көрсөтмө теориясынын пайда болушуна түздөн-түз түрткү болгон. Ой жүгүртүүнүн образсыздыгы жөнүндө тезис айрым эстетикалык теорияларга таасир берген.