ГАДАМЕР Ханс-Георг

ГАДАМЕР Ханс-Георг (1900-ж. т.) — немец философу, философиялык герменевтиканын негиз салуучусу. Текстерди түшүнүүнүн методологиясын иштеп чыгарууга гана токтолгон мурдагы герменевтикалык традицияларынан айырмаланып, философиялык герменевтика түшүнүүнүн философиясы болуп эсептелет. Анын предмети болуп жалаң эле «түшүнүүчү» (тарыхый-гуманитардык) илимдер эле эмес, түшүнүүнүн универсалдык мүнөзүн камтыган адамдардын дүйнө ж-а болмуш жөнүндө билгендеринин бардыгын камтыган дүйнөтүшүнүүсү кирет.   Г-дин оюнча түшүнүү — бул таанып-билүүчү, иш-аракеттенүүчү, баалоочу субъекттин жашоосунун ыкмасы. Түшүнүүнү, түшүндүрүүнү (интерпретация) ж-а колдонууну (аппликация) салыштырмалуу өз алдынча процедура катары ажыратып келген мурунку герменевтикага каршы, Г. алардын бирдиктүүлүгүн бекемдейт: түшүнүү ар дайым «түшүндүрүүчү» ал эми түшүндүрүү «түшүнүүчү» болуп эсептелинет; түшүнүү «колдонуу» катары гана мүмкүн же тексттин мазмунун азыркы замандын маданий ж-а аң-сезимдик тажрыйбасы м-н мамилелештигин, өз ара катышын аныктоо үчүн керек. Маданий саясаты интерпретациалоону Г. өткөн доор м-н учурдун диалогу катары карайт. Традиция м-н болгон диалог Г. үчүн жөн эле культурологиялык маселе эмес, өз алдынча философиялык таанып билүүнүн булагы.