ГАЛИЛЕЙ Галилео

ГАЛИЛЕЙ Галилео (1564-1642) — италиялык математик, физик, астроном ж-а ойчул. Коперниктин идеяларын колдогондугу үчүн инквизация тарабынан айыпталып, алардан баш тартууга аргасыз болгон. Г. Демокритке таянып, жаңы механикалык натурфилософияга негиз салган. Г. Аристотелдин авторитетине сокур баш ийүүнү, догматикалык схолостиканы сындап, биринчи болуп илимий экспериментти системалык түрдө колдонуп, жаратылыштын кубулуштарын математикалык, геометриялык моделдештирген. Илимий изилдөө үчүн Г. авторитеттерди четке кагууну, күмөн саноону, жалпы жобону эксперимент м-н көзөмөлдөөнүн негизинде уюштурууну, ой корутундунун индуктивдик методун колдонууну талап кылган. Г. дүйнөнү математиканын, механиканын, акылдын жардамы аркасында таза механикалык ыкма м-н түшүнүүгө болот деп эсептеген рационализмдин жактоочусу болгон. Ал дүйнө чексиз, материя түбөлүк, жаратылыш бирдиктүү, ал эми жаратылыштын негизинде механиканын мыйзамдарына баш ийген, өзгөрүлбөгөн атомдордун так ирээт себептүүлүгү жатат деп эсептеген. Негизги эмгектери: «Дүйнөнүн эң негизги эки — Птоломейдин ж-а Коперниктин системасы жөнүндө диалог» (1642) «Илимдин эки жаңы тармактарына тиешелүү маектер ж-а математикалык далилдөөлөр» (орусча, 1934).